super.kg logo

Сооронбай Жээнбеков Дүйнөлүк банктын вице-президенти Сирил Мюллерди кабыл алды

 

Бүгүн, 16-январда президент Сооронбай Жээнбеков Европа аймагы жана Борбордук Азия боюнча Дүйнөлүк банктын вице-президенти Сирил Мюллерди кабыл алды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Сооронбай Жээнбеков жана Сирил Мюллер Кыргыз мамлекети жана Дүйнөлүк банктын жакынкы жылдарга карата кызматташуу келечегин талкуулашып, шериктештиктин артыкчылыктуу багыттары боюнча пикир алмашышты.

Жээнбеков Дүйнөлүк банк Кыргыз өлкөсүн өнүктүрүү боюнча негизги өнөктөш экендигин белгилеп, өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө көрсөткөн колдоосуна ыраазычылык билдирди.

Ал биргелешкен кызматташуунун алкагында транспорт, айыл чарбасы, энергетика, саламаттыкты сактоо, билим берүү, мамлекеттик башкаруу, калкты социалдык жактан коргоо сыяктуу тармактарды бекемдөө үчүн долбоорлор ишке ашырылганын белгиледи.

Сирил Мюллер Кыргыз мамлекетинде эгемендик жылдары кедейчиликтин деңгээли эки эсе азайганын жана бул калктын турмушун жакшыртууга багытталган Дүйнөлүк банктын максаттарына жооп бергенин канааттануу менен белгиледи.

Жолугушуунун соңунда Сооронбай Жээнбеков Кыргыз өлкөсү үчүн Дүйнөлүк банктын жана өнүгүү боюнча башка өнөктөштөрдүн колдоосу стратегиялык максаттарды жана экономиканын өсүшүн, жарандардын жакшы жашоосун камсыздоо боюнча алдыдагы маселелерди ишке ашырууда абдан маанилүү экенин белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(2)
16.01.2018. 20:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Карыз сурагыла дагы
16.01.2018. 22:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азыр биз озубузду денсоолукту ойлобой акча жиндиси болуп акчанын кулуна айланып калдык тапканыбызды тиричиликке жумшап калдык!бай кедей болуп Айдын ачык болундук калдык.Келечекте ушул боюнча кетсек Капиталисттик олкого айланабыз
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: