super.kg logo

"Тажикстанда фото-видеофиксация системи гана орнотулган. Ал "Акылдуу шаар" долбоору эмес" дейт Момункулов

 

"Тажикстанда фото-видеофиксация системи гана орнотулган. Ал "Акылдуу шаар" долбоору эмес", - деп бүгүн, 16-январда SUPER.KG порталына Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигинин башчысы Эсенкул Момункулов билдирди.

Коомчулукта Тажикстан 20 миллион долларга "Акылдуу шаар" долбоорун ишке ашырган, ал эми Кыргыз мамлекети 60 миллион долларга орноткону жатат деген пикирлер айтылган.

Момункуловдун айтымында, Тажикстанда орнотулган фото-видеофиксация системи аталган долбоордун бир гана бөлүгү.

"Акылдуу шаардын" камералары көп функционалдуу. Мисалы, бир жерде өрт болуп жатса же шектүү бир баштыкча туруп калса билдирүү болот. Жолдогу тыгындар азаят. Мындай долбоор Дубайда жана башка өнүккөн мамлекеттерде ишке ашырылган. Тажикстандын долбооруна окшош эмес. Жол коопсуздугу аталган долбоордун бир гана бөлүгү”, - деди ал.

Айта кетсек, өкмөт менен "Huawei'дин" ортосунда тийиштүү келишимге 11-январда Бишкекте кол коюлган. Жол кырсыктарын, жалпы кылмыштуулукту азайтууну көздөгөн ири долбоорду ишке ашырууга 60 миллион доллар жумшалат. "Акылдуу шаар" - 2012-жылы убадаланып, ишке ашпай келе жаткан "Коопсуз шаар" долбоорунун жаӊы аталышы.

"Акылдуу шаардын" алкагында Бишкек жана Ош шаарларына, Бишкек-Ош, Бишкек-Чолпон-Ата трассаларына, Бишкек - "Манас" аэропорту жолуна видеокамералар орнотулат. Бул иштерге жумшалчу 60 миллион долларды Кыргыз тарап кытайлык компанияга 5 жыл ичинде, жол эрежесин бузуудан түшкөн акчанын эсебинен төлөп бермекчи. Долбоорду 1,5 жылда аягына чыгаруу күтүлүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(9)
16.01.2018. 23:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Кыскасы боло электе ой укмуш болот дешип жомокту айтышат,аягында жыйынтык жок акчалар сол чонтоко кетет.
Быйыл кочмондор оюнун койуп,ошого кеткен чыгымга пайдалуу иш бутурсонор жакшы болмок.
17.01.2018. 02:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
Adil706070,кочмондор оюну кийинки муундарга сьратегиялык план.колдош керек.ага кеткен акча чонтокко да кетиши мумкун
17.01.2018. 00:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эми кыйратат турбайбы.
17.01.2018. 00:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кана ошол тажиктердикиндей да жок болуп жатат го !
17.01.2018. 01:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
7тажиктер гес куруп атат трактор чыгарып атат биздики бийлик талашмай
Баштык пакет корсо белги берет дейт тантып кыгызстанда мусорду он тазалабайт анан кайдагы пакетти айтат озу кыйшык болсо да байдын уулу суйлоскн
17.01.2018. 02:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
камераны коюп завод фабрика курбайбы биринчи бишкеке 2 мин жумушчуга талас ош чуй нарын баткен жалалабад ысык кол облустарына мин жумушчу топ менен ошол деле жетмек 60 миллионго завод фабрика курганы анан камераны ишке ашыра бермек болбосо жумуш жоок элге деле кыйын болуп калды как баштар
17.01.2018. 05:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
60000 азго самолет кулаганда эл канчалаган зыян тартты ошолорго берсе болмок биз Кыргыздарды колунан кармасак мойунга албай койобуз камераны билбедим
nurikkg1 түзөттү 2018-01-17 05:33:49
17.01.2018. 08:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акылы болсо мынча арзан болбойт эле да. Во биздики акылдууу.
18.01.2018. 12:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы экен, көчөдө жаткан таштандыны да көрүп, тазалайт экен да.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: