Ошто эки унаа кагышып 11 адам жаракат алды
Кечээ, 16-январда Ош-Ноокат жолундагы Алмалуу айылында Ауди-100 жана Хонда Стрим үлгүсүндөгү эки унаа кагышып, кырсыктан 11 адам жаракат алды. Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашкандай, жабыркагандардын баары "Тез жардам" кызматы аркылуу Ноокат районундагы аймактык ооруканага жеткирилген.
Алардын сегизи ооруканага жаткырылып, үчөө дарыгерлердин кароосунан кийин үйүнө жиберилген. Жабыркагандардын көпчүлүгүнүн баш мээси чайкалып калгандыгы, алардын ичинен 1999-жылы туулган М.Абдумомунова деген жарандын абалы оор экендиги белгилүү болду.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:47
2025-07-18

10:29
2025-07-18
Рейтинг:
-1

чехияда 30 машина кагышып 10 адам женил жаракат алды деп жатса биздин эки эле машина алардан ашып кетиптирго