Теннисчи Даулет Жумаев Казакстанда өтүп жаткан эл аралык мелдеште атаандашынан утулду
Кыргызстандык теннисчи Даулет Жумаев Казакстанда өтүп жаткан эл аралык мелдештин чейрек финалга чыгуу оюндарында атаандашынан жеңилди. Эл аралык теннис федерациясы маалымдагандай, мелдештин 2-оюнунда Жумаев америкалык Жулиан Злобинскийге уттурду. Беттеш 3 оюндан туруп, анын биринчисин Жумаев өз тарабына оодарып ийгиликтүү бүтүрсө, кийинки 2 оюнду атаандашына алдырып жиберди. Маалым болгондой, мелдеш 8-июнда аяктайт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.