super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 17-ЯНВАРЬ: Төкмө акын, обончу Элмирбек Иманалиев: "Туулган күнүмдү атайын белгилебейм, эл катары куттуктоолорду кабыл алып коём"

 

Мактагысы келген адамын чегине жеткире көкөлөтүп, сындыргысы келген адамды эки ооз сөз менен өз ордуна коюп койгон төкмө акындардын төрөсү болгон акын, обончу Элмирбек Иманалиев бүгүн, 17-январда 40 жашка чыкты.

Ак таңдай акын менен байланышып туулган күнү менен куттуктаганыбызда, ал ыраазычылыгын айтып төмөнкүлөрдү билдирди:

"Мен туулган күнүмдү атайын белгилебейм деле, эл катары адамдардан куттуктоолорду кабыл алып коём. Туулган күнүмдө алган белектин баары мен үчүн баалуу болуп эсептелет. Бул дүйнөдөгү эң чоң белек деп мындан 40 жыл мурун ата-энем тартуулаган жашоону билем".

Кичине кезинен тартып кээде жаттап, кээде оюнан чыгарып "Манас" айткан Элмирбек Иманалиевдин төкмөлүк өнөргө болгон кызыгуусу мектеп жашынан эле башталган. Алгач 6-класста окуп жүргөн кезинде колуна комуз алып, калың элдин алдына чыккан. Акындын бул жоругу төкмө акын Тууганбай Абдиевге жетип, улуу акын жаш талантты борборго алдырган.

Тууганбай, Ашыраалы акындардын жолун жолдоп, алардан сабак алган 15 жаштагы Иманалиев 1993-жылы өткөн "Ак таңдай-1993" фестивалында Гран-При сыйлыгын жеңип алган. Акын билим жолун Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын алдындагы эки жылдык студияда баштап, андан соң 2004-жылы Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институтунун фольклор бөлүмүн бүтүргөн.

Айтыштарда оюн-тамаша кептери оргуштап чыккан акындын чыгарган чыгармаларынын көбүндө арман, кайгы камтылган. Буга акын "тамаша, күлкүмдү айтыш учурунда чыгарып салып, калган чыгармачылыгыма жалаң кайгы, арман гана калат окшойт деп ойлоп калдым" деген жообун узаткан. Акындын белгилүү "Булбулум", "Аруузатым", "Жалгыздыктан тажап бүттүм", "Коштошуу вальсы" деген ырларын билбеген адам болбосо керек. Мындан сырткары төкмө акын прозалык чыгармаларды жазып, дастан, санат ырларын аткарып келет.

2016-жылы Алмазбек Атамбаевдин колунан "Кыргыз Республикасынын Эл артисти" наамы менен сыйланган.

Акын алгачкы сүйүүсү ырчы Гүлбү Ороскул кызына 1994-жылы жолугуп, 1995-жылы баш кошушкан. Жубайлар эки кыздуу болушкан. Бирок кимдин маңдайына кандай тагдыр жазылса, анын бир тамгасы да кыйшайбай аткарылат дегендей жубайлар ажырашып кетишкен. Кийин акын экинчи жолу турмуш жаңыртып, Нурзат аттуу айымга баш кошкон.

17-январдын жылнаамасы.






Элмирбек Иманалиев & Жеңишбек Жумакадыр

Элмирбек Иманалиев - Кайрылуу

Майра Керим кызы менен Элмирбек Иманалиевдин айтышы (Архив)

Элмирбек Иманалиев "Ай секет"

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(8)
Медиа-портал
30.06.2016. 13:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сонун! Ушундай ырды күтүп жүргөм, рахмат!Акындар өз милдеттерин унутпай, ушундай терме, санат-насыят ырларын көп алып чыгышы керек болчу,чынын айтканда, бул милдетти унуткансып (же чама-чарк деле ошол болгонбу), солгундай түшкөн эле (Аалы, Жеңишбектики анча-мынча бар, бирок көп эмес). Элмирбек акынга ыраазычылык!!!
Медиа-портал
04.03.2017. 16:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Керемет ырга салган Ыссык-колду,
Кеменгер Майра апамдын улуу созу.
Толкундап дагы коп ыр чыгаар эле,
Апабыз арабызда болгондо озу.

Кыргыздын келини эмес кызы болгон,
Казактын коногу эле бир аз конгон.
Кылымда мындай акын чыкпас эми,
Калкынын купулуна бутун толгон.

Жашаптыр арабызда улуу акын,
Эки элди бир-бирине кылган жакын.
Жараткан бейишинен орун берсин,
Унутпайт сендей кызын боордош калкын.
Медиа-портал
04.03.2017. 16:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жашасын туболукко токкон ырлар,
Жашатчу артындагы кыргызын бар.
Кыргыздар бул ааламда жашап турса,
Келечек журогунон орун табаар.

Медиа-портал
02.12.2017. 04:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Гулбу эжекебиздин жаркын элесине арнаганго.((((((
Медиа-портал
04.12.2017. 03:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
чыныгы суйуу деп айтса болот
17.01.2018. 15:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Elmirbektei kiwi chanda kezdewet den sooluk uzun omur mykty insansiz....
17.01.2018. 17:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бар болунуз Элмирбек акын!Сиз абдан таланттуусуз.Копчулуко улгу болуп журо бериниз!Ден соолук,ишинизге ийгилик!
17.01.2018. 19:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тообо десе бул аялы да Гулбуго окшош экен.Неси болсо да бакыт каалайм
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: