super.kg logo

Чүйдө жаратылышты коргоочулар Кызыл китепке кирген ак кууну сактап калышты, ага ок тийген

 

Чүй облустук Жаратылыш ресурстарын коргоо жана пайдалануу департаментинин кызматкерлери Кызыл китепке кирген ак кууну сактап калышты. Бул тууралуу Германиянын жаратылышты коргоо бирикмесинин (NABU) Кыргыз өлкөсүндөгү өкүлчүлүгү билдирди.

Билдирүүгө ылайык, департаменттин кызматкерлери жарадар болгон ак кууну "NABU`нун" кеңсесине алып келишкен. Ал жактан канаттууну мал доктурлар көрүп, ал катуу жаракат албаганын, октон териси гана бир аз жабыр тартканын билдиришкен.

Тийиштүү жардам көрсөтүлгөн соң ак кууга жем берилип сууга коё берилген. Канаттууну өлтүргөнгө аракет кылган браконьерлер кармалган эмес.

Буга чейин SUPER.KG порталына Ысык-Көлдө жана Чатыр-Көлдө байырлаган, сурнайдыкындай салтанаттуу үнү бар куркулдак ак куу тууралуу кенен жазылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(3)
17.01.2018. 12:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Аккууну атып эмне тапмак экен,
17.01.2018. 14:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
MUHLISA,Ашага шорпо жасап берейин дешкен окшойтда!!!
17.01.2018. 17:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Azatbek83,АША оозунуздан тушпойт экен.Озунуз АША жасаган ишти жасадынызбы?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: