super.kg logo
  Саясат  

Өмүрбек Текебаев: "Улуттук банкта иштегендер бүт коррупционерлер, алар Кыргызстанды жетер жерине жеткиришти"

 

Парламенттин 6-июндагы жыйынында депутат Өмүрбек Текебаев Улуттук банктын төрагасынын орун басары Заир Чокоевге Улуттук банктын ишине байланыштуу ачуу сындарды айтты. Заир Чокоев демилгеленип жаткан "Сүткорлук ишти чектөө жөнүндө" мыйзам долбоору ар кандай каржылык топтордун мыйзамсыз иштешине жол ача турганын айтып, инвесторлорго терс таасир тийгизерин билдирди.

Финансылык уюмдардын өтө жогорку пайызда насыя беришин чектеген бул мыйзамдын демилгечиси Өмүрбек Текебаев муну четке кагып, “Эй, көз айнекчен жигит (атын эстей албай калып). "Инвесторлор келбей коёт" деген гана сөздү жаттап алып, аны бир жылдан бери айтып келесиң. Мен инвесторлор менен сүйлөшкөм, алар эч жакка качып кетишпей тургандыктарын айтышкан. Улуттук банкта жалаң коррупционерлер отурушат, алар Кыргызстандын жетер жерине жеткиришти, мен да сенин жетер жериңе жеткирем. Мыйзамды билбеген адам кантип Улуттук банкты жетектеп турат?” деди. Заирбек Чокоев депутатка айткан сөзүн артка алуусун айтты, бирок Текебаев сөзүн артка албастыгын билдирди. Чокоев төраганын орун басарынан абалды жөнгө салууну өтүнүп, көп өтпөй залдан чыгып кетти. Буга депутат “Кете бер, экинчи бул залга кайрылып келбе!” деди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: