Өлкөдө эң аз 1800 сом пенсия алгандар - дыйкандар. Мугалимдердин пенсиясы 3500 сомдон ашпайт
Өлкөдө эң аз пенсия алгандар - дыйкандар. Алар болгону айына 1800 сом алышат. Ал эми мугалимдердин пенсиясы 3500 сомдон ашпайт. Бул тууралуу Социалдык фонддун төрагасы Теңизбек Абжапаров бүгүн, 17-январдагы Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында билдирди.
"Учурда өлкөдө 630 миң пенсионер бар, жылына 40-45 миң кошулат. Ал эми каза болгондор 20-25 миңге чейин болот. Ошентип жылына пенсионерлердин саны 20 миңден өйдө өсүүдө. Ал эми эң аз пенсия алгандар эмгек тажрыйбасы аз адамдар жана дыйкандар. Алар 1800 сомдон алышат. Бул төлөмгө толук эмес стаж менен Социалдык фондго аз төлөм төлөгөн жарандар да кирет. Ал эми мугалимдер 3000-3500 сомдон пенсия алууда", - деди Абжапаров.
Депутат Кенжебек Бокоев 40 жыл стажы бар мугалимдердин пенсиясы аз болуп жатканын айтты.
"Социалдык калыстык болбой жатат деген маселе көп. Бул калыстыкты качан алып келебиз. Мугалимдер 3000-3500 сомдон алууда. Ошол эле учурда кыска убакыт иштеген жарандар мугалимдер менен эле бирдей пенсия алып калууда", - деди Бокоев.
Ал эми Абжапаров мугалимдердин пенсиясын көтөрүү мүмкүнчүлүгү жок экенин айтты.


Мурдагыдай бекер медицина да жок, бекер дары-дармек жок. Ошондо уялышпайбы ушунча пенсия бергенге...
Омуру соц.фондго жарытып акча толобогон жарандар соц.фонддун кызматкерлерине 1000-2000 сом, керек болсо 5000 сом пара берип 4000-5000 сом менен пенсияга чыгууда. Ал эми бир омур мугалим болуп, 30-40 жыл тынбай соц.фондго толом толоп келген мугалимдер 4000 минге жетпеген пенсия алышат?!! Адилеттуулук кайда?!!