super.kg logo
  Саясат  

ЖАМК Текебаевди түрмөдөн ооруканага которуу боюнча депутаттардын кайрылуусуна жооп бере элек

 

Өткөн жумада Жогорку Кеңештин бир нече депутаттары экс-депутат Өмүрбек Текебаевди ооруканага которууну суранып, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы Таалайбек Жапаровдун атына кайрылуу жолдогон.

Депутаттар кайрылууда Текебаевдин ден соолугун текшерүүнү суранышкан.

Бүгүн, 17-январда "Ата Мекен" фракциясынан депутаттар кайрылуу боюнча жооп алыша электигин SUPER.KG порталына билдиришти.

Ал эми ЖАМКнын басма сөз кызматы кайрылуу өткөн жумада түшкөнүн билдирип, бирок чечим боюнча маалыматтары жоктугун айтышты.

Белгилей кетсек, 16-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тарабынан Өмүрбек Текебаев жана мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотонов ар бири күчөтүлгөн режимде 8 жылга эркинен ажыратылган. Ал эми 2-октябрда Бишкек шаардык соту 21-ноябрда Жогорку Сот Өмүрбек Текебаев менен мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновго карата Биринчи Май райондук сотунун өкүмүн күчүндө калтырган. Учурда Текебаев Бишкектеги №47-колониясында жазасын өтөп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -4 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: