super.kg logo

"Сулайман-Тоо" музейиндеги оңдоп-түзөө иштеринде жерге төшөлгөн туу талкууланууда

 

"Сулайман-Тоо" музейинде оңдоп-түзөө иштеринде жерге төшөлгөн туу интернетте кызуу талкууланууда. Бул сүрөттү "Сулайман-Тоо" музейинин мурдагы кызматкери Аширали Маразыков интернетке жүктөп, өлкөнүн башкы символунун тебеленишине музейдин учурдагы жетекчилигин айыптап, аны жазага тартууну талап кылган. "Сулайман-Тоо" музейинин жетекчиси Абдыкайым Кангелдиев сүрөттүн окуясы боюнча SUPER.KG`ге айтып берди.

"Бул иш мен кызматка келгенге чейин болгонбу, андан кийин болгонбу аны эч ким так билбей жатат. Биздин эмгек жамаат да ал сүрөттү ким тартканын так айта албайт. Ал киши бул жерде көп жыл башкы сүрөтчү болуп иштеп жүргөн. Сулайман-Тоонун башында дайыма туу илинип турат. Ал бир ай, эки айда тытылып кетет экен. Маразыков тытылган тууну жаңылап турат. Ошондуктан бул өзүнүн сүрөтү болушу да мүмкүн", - деди Кангелдиев.

Музейдин жетекчилиги сүрөттү интернетке тараткан Маразыков менен жеке келишпестиктери бар экенин айтып, бул жеке таарынычтардан улам жаралган абал деп түшүнүп жатканын билдирди.

"Өткөн жылы мен кызматка келгенден кийин, ноябрь айында ал кишини расмий түрдө сый-урмат менен пенсияга узатканбыз. Ал өз арызы менен иштен кетти. Кайра эле бир жумадан кийин жумуш берүүмдү сурап келди. Бизде штат жок үчүн жумуш бере алган жокмун. Кийин мени менен урушуп баштады. Азыр да башкы сүрөтчүнүн иш бөлмөсүн бошото элек. Ошондуктан бул жеке таарынычтан улам жасалган иш окшойт деп ойлоп жатам", - деп кошумчалады Кангелдиев.

Ал эми жерге төшөлгөн туу "Сулайман-Тоо" музейинде болгонун айтып, сүрөтүн жүктөгөн Аширали Маразыков менен байланышуу аракеттерибиз ишке ашкан жок.

Мыйзамга ылайык, мамлекеттик символдордун катарына кирген тууну өрттөгөн, айрыган, сыйлабастык мамиле жасаган адамдар жоопкерчиликке каралган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
17.01.2018. 15:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эч ким мойнуна алгысы келбейт бир нерсе болсо эле коро албастар же башканы айта чыгышат,
17.01.2018. 16:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Камапсалгыла 2 жвл он айга Башкаларга сабак болсун а то жетекчилерди иштен бошотуп эле кутулуп кетесинер!!!
17.01.2018. 16:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Shekeev969798, жакшы "ой" экен. Сени 2 айга камап салганда тушунмоксун, милиция менен больницадан Кудай сактасын деген созду. Мумкун чын эле атайын каршылашып кылгандыр Маразыков.
17.01.2018. 19:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ардактуу эс алууга чыккандан кийин кетпейсинби, болмону бошотуп. Дагы канча жашы калды дейсинер кудай билет. Ошого беш убак намазын окуп кудайга шугур кылып даярдан акыретке. Жаштардан жумуш талашпай.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: