super.kg logo

Кыш чилдесине карабай чек арадагы Чу дарыясын кечип өтүп Кыргыз өлкөсүнө мыйзамсыз кирген Казак жараны кармалды

 

Кыш чилдесине карабай чек арадагы Чу дарыясын кечип өтүп Кыргыз өлкөсүнө мыйзамсыз кирген Казак жараны кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 17-январда Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 16-январда Мамлекеттик чек ара кызматынын кызматкерлери Чүй облусундагы Чу дарыясын кечип өтүп чек арадан мыйзамсыз кирген Р.Т. аттуу 26 жаштагы Казакстандын жаранын кармашкан. Ал кармалгандан кийин мындай мыйзамсыз аракетке Чүй облусунда жайгашкан Токмок шаарындагы достору менен жолугуу үчүн барганын айткан.

Ошондой эле аталган маалыматта Р.Т. кылмыш жоопкерчилигине тартылып ага Казакстандан чыгууга тыюу салынганы, ошондуктан ал өткөрүү пунктуна барбастан мыйзамсыз түрдө өткөнү белгилүү болгону айтылат.

Андан сырткары басма сөз кызматынан чек арадан мыйзамсыз өткөн Казак жараны УКМКнын кызматкерлерине өткөрүлүп берилгенин да кошумчалашты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
17.01.2018. 18:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушу чек араны вообше эле алып салыш керек, эч нерсе озгорбойт, жакшы болушу мумкун, жаман болбойт .
17.01.2018. 20:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
suban78,а эмнеге ошентип ойлойсуз?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: