Бишкек-Ош жолунда кар көчкүсүн атып түшүрүү иштери башталгандыгына байланыштуу айрым учурларда унааларга чектөөлөр киргизилет



Бүгүн, 17-январда Бишкек-Ош унаа жолунун Көчкүлү-Булак тилкесинде кар көчкүсүн артиллериялык курал менен атып түшүрүү иши башталды. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, карды атып түшүрүү иши 22-январга чейин уланат. Бул аралыкта коопсуздук жана адамдардын өлүмүнө жол бербөө үчүн жолдун 132-137, 198-255-чакырымдарындагы карлар түшүрүлөт.
Мындан улам айрым учурларда Бишкек-Ош жолундагы посттордо унаалар үчүн убактылуу чектөөлөр киргизилип турары маалымдалды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:28
2025-07-17
16:21
2025-07-17
16:10
2025-07-17

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.