super.kg logo

Келдибеков Куловдун жубайы менен "Ала-Арча" VIP-шаарчасынын башкармалыгынын имаратын басып алганы айтылууда

 

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Ахматбек Келдибеков, жубайы Аида Токтоматова жана мурдагы депутат Феликс Куловдун жубайы Фатима Абдырасулова "Ала-Арча" VIP-шаарчасынын башкармалыгынын имаратын басып алганы айтылууда.

Жергиликтүү тургун Евгения Кухтанын бүгүн, 17-январда айрым маалымат каражаттарына берген маалыматына ылайык, алар башкармалыктын документтерин жана мөөрүн алып бербей жатышат. Анын айтымында, башкарма эки жылга шайланат. Ал шаарчаны кантип өнүктүрүү керектигин чечет. Эки жыл мурун жаңы башкарма келип каржы милдеттенмелерин өзүнө алган.

"Кийинчерээк жашоочулары эсептеги акчанын максатсыз пайдаланып жатканын байкап калышты. Ал башкарма эки жыл иштеди. Бул аралыкта эки үйдү тоноп кетишти. Биз жаңы башкарма шайладык. Бирок мурдагылар документтерди жана мөөрдү бербей коюшту. Бүгүн Ахматбек Келдибеков баш болгон жан сакчылар башкармалыктын имаратын бардык документтери менен бирге басып алышты", - деди Евгения Кухта.

Анын белгилешинче, Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы "Ала-Арча" коомдук бирикмеси былтыркы жылы төгүмдөрдү төлөбөгөндүгү үчүн 2,5 миллион сом айып салган.

Ал эми учурда айтылган маалымат боюнча Келдибеков жана Кулов комментарий бере элек.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
17.01.2018. 16:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
олгон экенго ХХХХ акмактар басып албаганы ушул эле калды эле чондордун
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-01-17 16:59:41
17.01.2018. 17:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Ошол VIP шаарчасын биротоло жоюп салуу керек, чондорду ал жерде тайрандатпай...
17.01.2018. 18:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Буларды дагы камагыла,төлөткүлө,сыккыла
17.01.2018. 21:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эми башталды басып алмай сатып алып сатмайлар
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: