super.kg logo

Өкмөт башчы Ош шаарын өнүктүрүү боюнча бир катар тапшырмаларын берди

 

Кечээ, 17-январда премьер-министр Сапар Исаков Ош шаарын өнүктүрүүнүн келечектүү пландарын талкуулоо боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кеңешме министрлик жана мекеме жетекчилеринин катышуусунда аймактардын көйгөйүн ыкчам чечүү боюнча үзгүлтүксүз жолугушуулардын алкагында өткөрүлгөн.
Өкмөт башчы белгилегендей, президенттин 2018-жылды "Аймактарды өнүктүрүү жылы" деп жарыялоо жөнүндө жарлыгына ылайык, тийиштүү мамлекеттик органдар жергиликтүү бийлик менен биргеликте өлкөнүн айыл, район, шаар жана облустарынын экономикасын өнүктүрүү жана инфраструктурасын жакшыртуу боюнча натыйжалуу чараларды кабыл алуусу керек эле.

Сапар Исаковдун айтымында, буга байланыштуу республикалык маанидеги шаар эсептелген Ош шаарына өзгөчө көңүл бурулушу керек.

Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев аймактык дүң продуктунун түзүмү, тартылган инвестициялар көлөмү, 2017-жыл үчүн жергиликтүү бюджеттин аткарылышы тууралуу маалымат берди.

Мындан тышкары Айтмамат Кадырбаев кошумчалагандай, Ош шаарынын туристтик жагымдуулугун арттыруу жана туристтик брендин түзүү боюнча программалар иштелүүдө, бул өз кезегинде шаардык иннфраструктураны өнүктүрүүгө көмөктөшөт.

Премьер-министр Ош шаарынын мэриясынын жетекчилиги аз убакытта түштүк калааны көрктөндүрүү жана инфраструктурасын жакшыртууда көрүнүктүү жыйынтыктарга жетишкендигин баса белгиледи.

"Бүгүнкү күндө Ош шаары республиканын башка шаарларына үлгү боло алат. Түштүк калаада жумушчу сапарда болуп, жергиликтүү тургундар менен жолугууда шаардыктардын жашоо ишмердүүлүгүндө позитивдүү өзгөрүүлөр болуп жаткандыгы байкалып турат. Алардын жыргалчылыгын арттыруу боюнча мындан ары дагы иштер улантылышы керек", - деди Сапар Исаков.

Өкмөт башчы кеңешменин жыйынтыгында Ош шаарынын келечектүү пландарын ишке ашыруу боюнча деталдуу иш-чаралар планын иштеп чыгуу тапшырмасы берилди.

Ошондой эле жакынкы арада Ош шаарында "Акылдуу шаар" долбоорун ишке ашыруу башталгандыгына байланыштуу Транспорт жана жолдор министрлигине муниципалитет менен биргеликте шаардын ички жолдорун реконструкциялоо боюнча иштерди ыкчам жүргүзүү тапшырылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
18.01.2018. 10:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ош шаарыбыз өнүксүн, өссүн,жакшы болот эле Ош шаарыбызга көңүл бурса, бирок азыр деле кудага шүгүр ушунча деңгээлге өнүкөнүнө.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: