“Бейбаштык” кылмышына айыпталып 29 жаштагы Азамат аттуу жаран кармалды
Чүйдүн Аламүдүн районуна караштуу Озерное айылынын 32 жаштагы Асел С. аттуу тургуну милицияга арыз менен кайрылып, “30-май күнү чала тааныш Азамат аттуу адам үйүбүзгө кирип, эч кандай себепсиз эле жолдошумду сабап салды” деп билдирген. Бул боюнча Аламүдүн РИИБинин кызматкерлери ыкчам-иликтөө жүргүзүп, 5-июнь күнү кылмышка шектүү катары 29 жаштагы Азамат С. аттуу жаранды колго түшүрүштү. Ага карата кылмыш иши козголуп, колго түшкөн адам убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Тергөө иштери жүрүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:29
2025-06-24

15:38
2025-06-24

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.