super.kg logo

Дональд Трамп Нурсултан Назарбаев үчүн АКШнын 5-президенти

 

16-18-январь күндөрү Казакстандын лидери Нурсултан Назарбаев АКШга расмий иш сапары менен барып президент Дональд Трамп менен жолугушту.

Көпчүлүк саясий серепчилер белгилегендей, Трамп Назарбаевди жылуу тосуп алды. АКШнын президенти эки өлкөнүн мамилеси жакшы экенин айтып, Казакстан АКШнын Орто Азиядагы эң мыкты өнөктөшү экенин белгилеп өттү. Расмий сапардын алкагында өлкө башчылары бир нече келишимдерге кол коюшту.

Казакстанды 28 жылдан бери башкарып келген Назарбаев үчүн Дональд Трамп эсеп боюнча АКШнын 5-президенти.

Казак журт башчысынын АКШга болгон эң алгачкы расмий иш сапары 1992-жылы май айында болгон. Бул мезгилде АКШнын бийлик башында Жорж Буш турган. Аталган жолугушууда бир катар келишимдерге кол коюлуп эки өлкөнүн ортосундагы мамилеси тууралуу меморандум кабыл алынган.

Экинчи ирет Назарбаев АКШга расмий иш сапары менен 1994-жылы февраль айында барган. Анда АКШны Билл Клинтон башкарып турган. Бул сапарда келишимдерге кол коюлган, алардын ичинен ядердик куралды таратпоо боюнча келишимге кол коюлган.

Атасынын жолун жолдоп өлкө башчысы шайланган Жорж Буш (кичүүсү) Назарбаевди 2006-жылы Ак Үйдө кабыл алган.

АКШнын тарыхында эң алгачкы кара терилүү жана 44-президенти болуп шайланган Барак Обама менен Назарбаев алгачкы жолу Вашингтондо өткөн ядердик коопсуздук боюнча саммите 2010-жылдын апрель айында жолуккан.

Өз саясий жолунда АКШнын 5-президенти Дональд Трамп менен жүз көрүшүп жаткан Назарбаев.






Дональд Трамп Назарбаев үчүн АКШнын 5-президенти

Автор: Нургазы Аматов
Оператор: Мундуз Нурланбек уулу
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(11)
18.01.2018. 12:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Америкадабеш ажо алмашсада казакстанда алмашпайт ажо эми эл башы олгончо турса кк такта.
18.01.2018. 12:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+21
Bazana, жакшы ажо болсо тура берсин... Казактардын курсагы ток, оз олкосундо эле иштеп журушот, биздин кыргыздарга окшоп дуйнонун 4 бурчуна тентип кетпей...

Ал эми бизге бир тузук ажо буюрбаптыр, баары чекеден ууру-каракчы... Элди тоноп канын ичкенди гана билишет...
18.01.2018. 15:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Казак лидерин, жасаган саясатына суктандым. Назарбаев оз созундо Америка Казак коз карандылыгын (Россиядан) туптогонго жана азырда эн жакшы колдоо корсоткон мамлекет экенин айтып Трампка ыраазычылык билдирди. Сирия согушунда орус куралдарынын эскилигин дуйно билди,АКШ куралдары менен Израил Орус Сирия кучторун эч бир жазаланбай чабуул коюп кетип атышты.Ошондуктан Назарбаев аскердик техникаларды АКШдан алганы барыптыр имиш. Мына саясатчы деген.
18.01.2018. 15:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Назарбаев Орус бийлигинин козун карабайт, оз саясатыбыз бар, оз кызыкчылыгыбыз бар дегенди корсотту, а биздикилер Путинден коркуп АКШ га бара албайт, себеби Кыргыз элин биротоло коз каранды кылып койду. Алар Кыргызстандай болуп май куючуу, тейлоочу станцияларын жерлери менен кошо Россияга бербеген, ошондуктан Назарбаев чыныгы лидер, оз жеринин уулу.
18.01.2018. 20:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jbolotov,коз каранды болбоюн десе,мигранттар согуп атышпайбы,бизге тийишип атышат,бизди кууп атышат деп,чын эле Орустарга бирдеме деп коюшса эле мигранттарды текшерип калышат,кече октябрда Казакстанда да мигранттар ошондой ахвалда болушту,эмне кылуу керек?(
18.01.2018. 16:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ты чо,бизде деле 5 президент алмашты
18.01.2018. 16:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Мен түшүнбөдүм Обама кандайча 44-президент болотда Трамп 5-президент болот? Билгендер айтып койсоңуздар.
18.01.2018. 17:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
muslim87,
44 тун ичинен ошол 5 оосу мн жолукту да, 5 инчиси Трамп мн жолугуптур.
18.01.2018. 19:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
nargiz94,аа рахмат Алла ыраазы болсун.
19.01.2018. 00:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Суперчилер "ядердик" эмес " ядролук" деп жазылса керек эле ? Же озоктук коопсуздук . ..
abusait түзөттү 2018-01-19 00:23:50
SUPER.KG видео
19.01.2018. 23:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биздин президенттер озунун кызыкчылыгы учун келет. Жада калса кагазга жазылган создорду нормально окууй албайт тантырап. Ошол кантип президент болсун олко башчы деген башкача болуш керек элге улгу боло тургандай. Аа биздин президентер оздору ууру
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: