super.kg logo

Депутат "Кыргыз авиакомпаниясынын жалгыз учагы мотору жок учпай калды" дейт

 

"Кыргыз авиакомпаниясынын жалгыз учагы мотору жок учпай калды", - деп бүгүн, 18-январдагы Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Тазабек Икрамов айтты. Ал ата мекендик компаниялар банкротко учурап, өлкөдө менчик компанияларга көз карандылык пайда болгонун айтып, буга тийиштүү адистердин жоктугун себеп кылды.

"Кыргыз авиациясынын көйгөйүн канткенде жоёбуз? Эмне үчүн улуттук авиакомпания банкрот болуп, жалгыз бир учагы мотору жок учпай калды. Жеке менчик компанияларга бүт өлкөбүз көз каранды болуп калдык. Кантип алар пайда көрүшөт да биздин улуттук компания банкрот болууда. Анткени бул кадр маселесине байланыштуу. Аэропортто авиациянын табиятын түшүнбөгөн, кесибин билбеген жетекчилер отурат. Улуттук компанияны банкрот кылып, Европадагы "кара тизмеден" чыгара албаган жетекчини сиздер кармап отурасыздар", - деп өкмөттүн өкүлүнө кайрылды Икрамов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(1)
18.01.2018. 11:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Улуттук компанияны банкрот кылып арзыбаган акчага сатууну пландап жатса керек да Акаевдин мезгилиндеги ыкма менен.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: