super.kg logo
  Саясат  

"Сүткорлук ишти чектөө жөнүндө" мыйзам долбоору 2-окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү

 

Жогорку Кеңештин 6-июндагы жыйынында депутат Өмүрбек Текебаев демилгелеген “КРнын сүткорлук ишти чектөө жөнүндө” мыйзам долбоору каралды. Демилгечинин айтымында, карызга акча алуу үстөгү өтө жогору болуп жаткандыктан, жарандар арасында нааразычылыктар болуп жатат. Мыйзам долбооруна ылайык, жарандар өз мүмкүнчүлүгүнө карай насыя каражат алуу боюнча келишимдерди түзө алат, бирок ал келишимде каралган милдеттенмелердин аткарылышы боюнча талаш-тартыш сотто териштириле турган болсо, жыл сайын Улуттук банк тарабынан белгилене турган пайыз үстөгү эске алынууга тийиш.  

 

Эгерде сотто адамдын карызды кыйын абалга кириптер болуп турган кезинде алгандыгы аныктала турган болсо, анда ал насыя каражаттын негизги бөлүгүн гана төлөп берет. Мындай тажрыйба көптөгөн өлкөлөрдүн мыйзамдарында бар. Талкуунун жүрүшүндө бир катар депутаттар Улуттук банк тарабынан белгиленбей эле, мыйзамда белгилүү бир сандык чекти коюу, насыя тобокелдигинин чегин аныктоо, насыя алуучулардын материалдык абалынын жакшыруусуна талдоо жүргүзүү сунуштарын айтышты. Жыйынтыгында мыйзам долбоору 2-окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: