super.kg logo

Ысык-Көл облусунда Нива унаасы жардан кулап, 2 адам каза болду

 

Ысык-Көл облусунда Нива унаасы жардан кулап, 2 адам каза болду. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, жол кырсыгы 17-январдан 18-январга караган түнү саат 01:30 чамасында Ысык-Көл облусунун Чоң Талды-Суу капчыгайында болгон. Анда Эңилчек айылынын 36 жаштагы Б.З. аттуу тургуну Нива үлгүсүндөгү унаасы менен аталган капчыгайда келе жатып, рулду башкара албай жардан кулап кеткен.

Кырсыктын кесепетинен айдоочу жана 26 жаштагы жүргүнчү окуя болгон жерден жан берген. Ал эми 53 жаштагы Ж.С. аттуу жүргүнчү оор жаракат алып, Ак-Суу райондук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
18.01.2018. 12:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кундо кырсык,кундо олум кыргыздар ушинтип кырсыктан кырылат окшойбуз. Жаткан жерлери жайлуу болсун,жакындарына сабыр
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: