super.kg logo

Жол кыймылына тоскоолдук жараткан объекттерди алууга багытталган мыйзам сунушталууда

 

Бүгүн, 18-январда Жогорку Кеңештин жыйынында "Автоунаа жолдору жөнүндө" мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору талкууланды.

Мыйзам долбоору боюнча баяндаманы транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов жасады.

Анда министр мыйзам кабыл алынса, жол боюнда жайгашып калган, жол кыймылына тоскоолдук жараткан объекттерди алуу милдети жүктөлө турганын айтты.

КСДП фракциясынан депутат Сайдолимжон Жураев учурда жол боюнда жайгашкан дүкөн, кафелердин саны өсүп жатканын айтты. "Кафе, дүкөндөрдүн жанында унаа токтотконго жер жок. Мындан улам унаалар жол четине коюлуп, кыймылга тоскоолдуктарды жаратууда", - деди Жураев.

Калилов талаш жараткан маселенин баарысы мыйзам менен жолго салына турганын айтты.

"Көп учурда биздин макулдугубуз жок эле курулуштарга уруксат берилип кетет. Жол кыймылына тоскоолдук жараткан объекттердин баарысы алынышы керек", - деди Калилов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(2)
18.01.2018. 16:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Туура кыласыңар Сокулуктун базары дагы трассага чыгып кеткен күндөрү болот.
18.01.2018. 21:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Туура кылышат, муну мыйзамдын чыгышын күтүп отурбай эле жасаш керек болчу. Мисалы, Патрис Лумумба көчөсүндө 2017-жылдын ала жазында баштаган жол оңдоо, асфальт төшөө иши тратуарга, арыкка орун калтырбай жашоочулардын короо, темир күркөлөрдү коюп алганынан улам кеч күздө да чала бойдон бүтпөй ачылды. Аны же 1-Май районунун акимияты, же Шаардык Мэрия көзөмөлгө алган жок. Бетондору азыр да ар кайсы жерде чачылып жатат. Ошолорго олчойто штраф салуу керек.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: