super.kg logo

Транспорт жана жолдор министри: "2018-жылы 3 облустагы жолдор паспорттоштурулат"

 

Жогорку Кеӊеште улуттук жол тармагын Евразия экономикалык биримдигинин талаптарына, шайкеш келтирүүгө багытталган мыйзамдын концепциясы жактырылды.

Өкмөттүн пикири боюнча, мыйзам долбоору жолду куруу, пайдалануу жана жол объектилерин тутууда жолдорго көбүрөөк көңүл бурууга мүмкүндүк берет. Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов өлкөнүн 3 облусундагы жолдор 2018-жылы, калган жолдор 2 жыл аралыгында паспорттоштурула турганын билдирди.

“Паспортто жолдун болгон таржымалы менен абалы толук камтылууга тийиш. Эгер жаӊы жол салынса, анын техникалык талабы башка, ал эми калыбына келтирилчү жолдун талабы өзүнчө. Ал жолдун категорияларына жараша да болот. Бирок жолго түздөн-түз жолтоо болгон объектилер алып салынат”, - деди Калилов.

Депутаттар добуш берүү учурунда мыйзамды биринчи окууда жактырышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: