super.kg logo
  Саясат  

Сооронбай Жээнбеков Казакстандагы кырсыктан Өзбек жарандары каза болгондугуна байланыштуу Шавкат Мирзийоевге көңүл айтты

 

Сооронбай Жээнбеков Казакстандын Ак-Төбө облусундагы кайгылуу окуянын кесепетинен Өзбекстан жарандары каза болгондугуна байланыштуу Өзбек президенти Шавкат Мирзийоевге көңүл айтты.

Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Кыргыз Республикасынын элинин атынан жана өзүмдүн атымдан Казакстан Республикасынын Ак-Төбө облусундагы кайгылуу окуянын кесепетинен Өзбекстан Республикасынын жарандары каза болгондугуна байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтам.

Каза болгондордун туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, колдоо көрсөткөн сөздөрүмдү, жабыркагандар тез арада сакайып кетишин каалай турганымды жеткирип коюуңузду өтүнөм. Орду толгус жоготуу азасын тең бөлүшөбүз”, - деп белгиленет телеграммада.

Белгилей кетсек, Казакстандын Ак-Төбө облусунда автобус күйүп кетип, 52 адам каза болгон. Кырсык бүгүн, 18-январь күнү жергиликтүү убакыт боюнча саат 10:30 чамаларында катталганын казак басылмалары жазышкан. Кийинчерээк каза болгондор Өзбекстандын жарандары экени айтылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: