super.kg logo
  Спорт  

Кыргыз өлкөсүнүн футбол боюнча курама командасы ФИФАнын жаңыланган рейтингинде 116-орунду ээледи

 

Кыргыз өлкөсүнүн футбол боюнча курама командасы ФИФАнын жаңыланган рейтингинде 116-орунду ээледи. Бул тууралуу Кыргыз өлкөсүнүн футбол федерациясы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Кыргыз өлкөсүнүн футбол боюнча курама командасы ФИФАнын жаңыланган рейтингинде мурунку айлардагы көрсөткүчтөн бир орун төмөндөп, 116-орунду ээлеген. Ал эми Кыргыз курама командасына "Азия Кубогу-2019" оюнунда атаандаштык жарата турган Индия өлкөсүнүн курамасы 3 позиция өйдө көтөрүлүп, 102-орунду ээлеген. Мьянма өзүнүн 120-орунунда калса, Макао курамасы да бир орун ылдый түшүп, 186-орунга жазылган.

Айдын эң мыкты командасы болуп Кувейт курамасы аталган. Бул курама команда бир ай ичинде 15 орунга өйдө көтөрүлүп, 174-сапка жазылган. Дагы да болсо эң мыкты 10 курама команда деп Германия, Бразилия, Португалия, Аргентина, Бельгия, Испания, Польша, Швейцария, Франция жана Чили өлкөсүнүн курамалары табылган.

Белгилей кетсек, ноябрда эл аралык Футбол федерациясынын жаңыланган рейтингинде Кыргыз улуттук курама командасы 5 тепкичке көтөрүлүп, 115-орунга жайгашкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
18.01.2018. 20:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Учучу вана менен ФИФАнын не тиешеси бар
18.01.2018. 22:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Менда ошого тан калып жатам фифа мн ваннанын эмне тиешеси бар
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: