super.kg logo

Депутат: "Жол кыймылынын инспекторлорунун кийими эле алмашты, ишинде натыйжа жок"

 

Бүгүн, 19-январда Жогорку Кеңештеги "Республика-Ата Журт" фракциясы жол коопсуздугу боюнча жыйын өткөрүүдө. Анда депутат Калдарбек Баймуратов Патрулдук милиция жоюлганы менен, жол кыймылынын көзөмөлдөөчүлөрүнүн аталышы, унаасынын сүрөттөрү, кийими эле алмашып, жумушунда жыйынтык болбой жатканын айтты.

"Унаалардын сүрөтү менен эле кызматкерлердин кийимдери өзгөрдү. Азыр башка эч нерсе өзгөргөн жок. Кызматкерлер мурдагы эле орундарында турат, ошол жерден эле айып акчаларды чогултуп турушат. Бишкек шаарында 400 кызматкер кошумча алынып жатканда ар бир мектептин алдында бирден жол кыймылын көзөмөлдөөчү кызматкер турат деп айтылган. Мен бир да мектептин алдынан көрө элекмин. Казакстанды карабайсыңарбы, кызматкерлер көчөдө турбастан шаар аралап, ким мыйзам бузган болсо артынан кууп жүрүп, токтотуп күрөшүп жатат", - деди Баймуратов.

Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов депутатка жооп кылып, жол кыймылын көзөмөлдөөчүлөрдүн ашыкча милдеттери алынганын айтты.

"Аталыш өзгөрдү. Мурда Патрулдук милиция 5-6 функцияны аткарчу эле. Азыр кызматкерлер жол кыймылынын камсыздоо боюнча бир эле функция аткарышат. Азыр күбөлүк алуу боюнча сынактарга катышып жатабыз. Азыркы күбөлүктөрдүн 50 пайызы жараксыз болууда", - деди Асанов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
19.01.2018. 11:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Туура айтасыз мектептердин алдынан жол кыймылынын кызматкерлерин көрө элекбиз! !! Өздөрү билгендей эле иштеп өздөрү каалаган бурчтарда эле турушат! !!
19.01.2018. 12:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эшекке килем жапсан деле эшек
19.01.2018. 12:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биздин башы жок чондордун кылганы дейин десен жоок андай эмес алар билет кайсы жерден акча иштеп калыш учун кылы ушул форманы озгортуп
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: