super.kg logo

Казакстанда күйүп кеткен автобустун ичинде калып каза болгон 52 адамдын өлүмү боюнча атайын өкмөттүк комиссия түзүлдү

 

Казакстанда күйүп кеткен автобустун ичинде калып каза болгон 52 адамдын өлүмү боюнча иликтөө жүргүзүлөт. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыгышты.

Бүгүн, 19-январда өрттүн себебин иликтөө үчүн Ташкентте атайын өкмөттүк комиссия түзүлүп, алар Ак-Төбө облусуна учуп барышты. Ведомство аралык комиссияны Өзбекстан Республикасынын премьер-министри Абдулла Арипов көзөмөлдөйт.

Маалым болгондой, Өзбекстандын Казакстандагы элчилигинин Ак-Төбөдөгү өкүлү каза болгон жарандардын сөөгү бүгүн, 19-январда соттук-медициналык экспертизага жөнөтүлөрүн билдирген.

Ошондой эле Өзбекстандын Алматыдагы элчилигинин кызматкерлери кырсыктан жабыркагандарга жана каза болгон жарандардын үй-бүлөлөрүнө ар тараптуу жардам көрсөтүү үчүн Ак-Төбө облусуна барышты.

Учурда каза болгондордун Орусияга чыгуу максаты жана кырсыктын так себептери иликтенүүдө. Алдын ала айтылган маалыматтар боюнча, каза болгон жана жабыркагандардын арасында балдар менен аялдар жок.

Эскерте кетсек, кечээ, 18-январь күнү Казакстандын Ак-Төбө облусунда Самара-Ташкент багыты боюнча каттамдагы Икарус үлгүсүндөгү автобус күйүп кетип, 52 адам көз жумган. Анын ичинде 55 жүргүнчү жана 2 айдоочу болгон. 5 жүргүнчү сыртка чыгып кетүүгө үлгүрүп, калганы чыга албай күйүп кетишкен. Алдын ала маалыматка караганда, автобустун ичинде каза болгондордун баары Өзбекстандын жарандары экени айтылууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(10)
19.01.2018. 11:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Журок оорута турган окуя болду.Жакындарына сабыр тилеймин.Жакшылап текшеруу жургузуш керек.Эмне учун айдоочулар гана аман калып калганы баары каза болду?Автобустун терезеси эмне брондолгон бекен.52синин бироосу дагы терезени сындыра алышпадыбы?....
19.01.2018. 12:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Кененирек маалымат берсеңер супер инфо. Түшүнүксүз кантип эле деген суроо туулат.
19.01.2018. 12:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Dalil,туура айтат жалан эркек кишилер болсо кантип эле терезелерин сындыра алышпады экен байкуштар ушунусу менен 2- жолу озбекстандын автобусу авария болуп атат 2 жолу тен айдоочусу баурлардан болчу
20.01.2018. 02:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Dalil, кызык элесинер эмне супер инфо эмне болуу өрттөнүп кеткенин жана күйүп жатканын жанында карап туруптурбу
19.01.2018. 12:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
бирок тан калычтуу кантип терезелерди сындырып чыкпады экен?
19.01.2018. 13:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Терезесин сындыра алышпаса демек күйгөнгө чейин эле түтүнгө ууланып калышкан окшойт деген ой келип атат.Жаман иш болуптур.
19.01.2018. 14:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Айдоочулары аман калган деп кайсы жерде жазылып турат. 5 адам чыгып кетиптир деп турат, арасында айдоочу барбы жокбу айтылган жок
19.01.2018. 22:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nargiz94,Бул жерде маалымат толук жазылбаптыр.Башка ММКларда уч айдоочу(казак жарандары) эки жургунчу (озбек жарандары)аман калган деп жазылып турат.Эмнегедир жургунчулордун баардыгы эркек кишилер болгон.Арасында бир дагы аял киши же бир дагы жаш бала болгон эмес.Кумон жараткан ойлор коп жаралууда.
19.01.2018. 15:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Байкуштар тутунго ууланып калышкан го,болбосо терезени талкалап чыгып кетишмек.Мага да биринчи ушундай ой келди.Жакындарына туугандарына сабыр конул айтабыз.Мындай кырсыктан кудай сактасын.
19.01.2018. 19:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
жашоодо эмнелер кана болбойт .Канчалаган балдар атасыз калды,канча ата эне баласыз,канчалар тугойсуз калышты калгандардын уй булоосуно терен кайгыруу менен конул айтам.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: