super.kg logo

Вице-премьер "Акылдуу шаар" долбоору Бишкекте жана Ошто 1,5 жылдан кийин ишке кирет" дейт

 

"Акылдуу шаар" долбоору Бишкек жана Ош шаарларында бир жарым жылдан кийин ишке кирет. Бул тууралуу бүгүн, 19-январда "Республика-Ата Журт" фракциясынын жол кырсыктарына арналган фракция жыйынында вице-премьер-министр Дайыр Кенекеев билдирди.

Анын айтымында, "Акылдуу шаар" долбооруна Бишкек жана Ош шаарлары, Бишкек-Ош жолу, Бишкек-Чолпон-Ата жолу, ошондой эле Бишкектен "Манас" аэропортуна барчу жолдор кирет.

"60 миллион долларга бааланган долбоор 5 жылга каралган. Бир жарым жыл ичинде Huawei менен шериктеш инвесторлор Бишкек жана Ош шаарларында видео жана фотокамераларды орнотуп чыгат. Өкмөткө техникалык түшүндүрмөлөр берилгенде, канча камера орнотула турганы белгилүү болот. Менин оюмча, 150-200 миң камера орнотулат. Мындан тышкары инвесторлор биздин адистерди окутуп даярдашы керек", - деди Кенекеев.

Вице-премьер министрдин айтуусу боюнча, Beijing China Veterns Lingxin Capital Management жана ОсОО "Ака минералз энд майнинг" компаниясы долбоорго инвестор болот. Ал эми Huawei камераларды орнотуу, камсыздоо боюнча долбоорду ишке ашырат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(3)
19.01.2018. 12:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир жарым жылдан кийин жаны окмот жаны министирлер келсе.Биз бильбейбиз казнада Акылдуу шаар долборуна акча жок деп айтса анда ким жооп берет.
19.01.2018. 12:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Журо бергиле дальше
19.01.2018. 19:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бизге биринчи акылдуу шаар эмес акылдуу окмот керек эле.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: