Жантөрө Сатыбалдиев: "Өкмөт митингчилерге бийликти өткөрүп берген жок"
Бүгүн, 6-июнда ЖКнын жыйынында депутат Дастан Бекешев саясатчылар, серепчилер, журналисттер өкмөт бийликти митингчилерге алдырып койгонун айтып жатканын билдирди. “Бийлик алсыз болуп калдыбы? Ушул суроого жооп бериңизчи”,- деди эл өкүлү. Пермьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев муну четке кагып “өкмөт сүйлөшүү жолу менен кырдаалды жөнгө салганы чоң жетишкендик. Мен айткам “бир дагы жерде курал колдонбойсуңар” деп. Жалал-Абаддагы жана Жети-Өгүздөгү окуялар боюнча кылмыш иши козголгон, уюштуруучулар мыйзам чегинде жооп беришет. Бул жакшы ойлонуштурулган, уюшулган акция болду”,- деди. Депутат Дастан Бекешев акимдерди, өкмөттүн облустагы өкүлчүлүктөрүн шайлоодо абройлуу кишилерди кызматка коюу керектигин айтты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:17
2025-06-27
11:27
2025-06-27
Рейтинг:
0

