super.kg logo

Депутат "Акылдуу шаарды" ишке ашыра турган Huawei менен дүйнөдө көп өлкөлөр кызматташуудан баш тартканын айтты

 

Бүгүн, 19-январда Жогорку Кеңештеги "Республика-Ата Журт" фракциясы жол коопсуздугуна арналган жыйын өткөрүүдө. Анда "Акылдуу шаар" долбоору боюнча депутаттардын көп суроолору ортого салынды. Депутат Жыргалбек Турускулов өлкөдөгү шаарларда "Акылдуу шаар" долбоорун ишке ашыруу үчүн өкмөт Huawei компаниясына ишеним берип жаткандыгынын себептерине кызыкты.

"АКШ, Австралия, Индия биздин өкмөт тандаган Huawei компаниясы менен кызматташуудан баш тарткан. Аны аталган өлкөлөрдүн улуттук коопсуздугуна таасир берет деп негиз келтиришкен. Эмне үчүн бул эл аралык кадыр-барктуу компания деп биздин өкмөт бул компанияга ишеним артып жатат?" - деди Турускулов.

Вице-премьер-министр Дайыр Кенекеев аталган компаниянын эл аралык кадыр-баркы жогору жана дүйнөдөгү ири шаарлар менен кызматташууда тажрыйбасы бар экенин айтты.

"Аталган компания дүйнөдөгү ири шаарлар Шанхай, Гуанчжоу, Дубайды тейлейт. Huawei -телекоммуникациялык жабдыктарды чыгарган дүйнөдөгү кадыр-барктуу компаниялардын бири. Биз да билебиз компания Кытай өкмөтүнүн көзөмөлү алдында иш алып барат", - деди Кенекеев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(6)
19.01.2018. 12:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ар кайсы мамлекетте ар кандай мыйзам бар.Башкалар баш тартат деп эле биз да баш тартканыбыз туура эмес.Мумкун ал убакта бири бири менен тушунбостуктор болгон чыгар.Баардык жагын карап коруш керек эгер туура болсо кабыл алуу туура деп ойлойм.
19.01.2018. 13:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Чынын айтса болмок, биз орнотсок жейт элек, чала була бутурот элек, биз жечу акчаларды Huawei алып жатат деп.
19.01.2018. 13:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
HUAWEI Кытайдын компаниясы, ал эми Кытай Америка, Индиянын атаандашы, албетте алар кызматташуудан баш тартатда.
19.01.2018. 15:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Made in china бут сапатсыз чыгарат да ошону учун кызматташпайт
19.01.2018. 21:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Atas,сенин которуп жургон телефонун компьютерин телевизор баары кытайдан чыгат билсен
20.01.2018. 02:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Негизи озум хуавейдин смартфонун колдоном,эч кандай проблема боло элек жана улам жаны чыккан моделдери кызыгуу жаратып жатат.Самсанын смарфондоруна караганда кобуроок мага жакты.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: