super.kg logo

БШКга Өмүрбек Бабановдон арыз түштү

 

Борбордук шайлоо комиссиясына Өмүрбек Бабановдон мандатты тапшыруу боюнча арыз түштү. Бул тууралуу бүгүн, 19-январда SUPER.KG порталына аталган комиссиянын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди.

Анын айтымында, БШКнын жакынкы отурумунда бул арыз каралат. "Учурда арызды жумушчу топ карап жатат. Бул топтун даяр болгонуна жараша биз жалпы жыйынга алып чыгабыз. Бүгүн даяр болсо бүгүн, эртең даяр болсо эртең алып чыгабыз", - деди Бекматов.

Буга чейин "Республика-Ата Журт" фракциясынын лидери Руслан Казакбаев жана Бабановдун тарапташтары тарабынан БШКга арыз берилгени айтылган.

Эске салсак, 30-декабрда Өмүрбек Бабанов депутаттык мандатын тапшырып, саясаттан биротоло кете турганын жарыялаган. БШК анын ордуна Жогорку Кеңештин "Республика-Ата Журт" фракциясына депутат болуп Абдыбек Дүйшалиев келиши мүмкүн экенин билдирген.

4-ноябрь күнү Жогорку Кеңештеги "Республика-Ата Журт" фракциясынын лидери Өмүрбек Бабановго карата "улуттар аралык кастыкты козутуу" жана "Конституциялык түзүлүштү күчкө салып өзгөртүүгө эл алдында чакырык жасоо" беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгон. Тергөө иштерин жүргүзүү УКМКга жүктөлгөн.

2017-жылдын октябрь айындагы президенттик шайлоодон кийин Өмүрбек Бабанов өлкөдөн чыгып кеткен боюнча кайтып келе элек. Айрым маалыматтарга караганда, анын Орусияда дарыланып жатканы айтылат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
19.01.2018. 14:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Тынар менен Абдылда качан ушул теманы тамаша кылып чыгышат экен. Бир жыргап кулот элек
19.01.2018. 16:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Дарыгер,ооба силерди бироонун устунон кулдуртуп эле койсо.
19.01.2018. 18:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Жалко, иштей турган адам болчу. 500-1000сомго добушун саткандар эми ошол акчаны 6жылга жеткиргиле.
20.01.2018. 08:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
brit,бабанов озу саткын таластыктарды уят кылып сатып кеттиго атайын бабанов деп чыгышты эле коркуп качып кетти анан кантип мамлекетти башкарам деп чыкты билбейсин айткан созуно туралбайт качпайм деп соз берген эле анан кантип ошого ишенсе болот
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: