super.kg logo

"Республика-Ата Журт" фракциясы жол коопсуздугу боюнча өкмөткө бир канча талаптарды койду

 

Бүгүн, 19-январда Жогорку Кеңештеги "Республика-Ата Журт" фракциясы жол коопсуздугу боюнча маселени карады. Депутаттар өкмөт мүчөлөрүнө бир канча суроолорду берип, тийиштүү жоопторду алды. Жыйынтыгында депутаттар өкмөткө тапшырма койгон чечимди кабыл алды. Депутаттардын чечимин фракция лидери Руслан Казакбаев окуду.

"Өлкөдөгү жол коопсуздугун камсыз кылуу маселелери жана токтомдун аткарылышы боюнча өкмөттүн берген маалыматтары эске алынсын. Жол коопсуздугун камсыз кылуу маселесин Жогорку Кеңештин кароосуна алып чыгуу төрагага сунушталсын. Өкмөттүн жол коопсуздугу боюнча токтомун үзгүлтүккө учураткан, президенттин Коопсуздук кеңешинин чечимдерин үзгүлтүккө учураткан кызмат адамдарына өкмөт башчы тарабынан катуу чаралар колдонулсун", - деди Казакбаев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: