super.kg logo

Чүйдүн тургундары: "Өкмөт сугат жерлерге салынган үйлөрдү мыйзамдаштыруудан эки районду чыгарып салууну көздөөдө"

 

Бүгүн, 19-январда Чүй облусунун Аламүдүн жана Сокулук районунун тургундары сугат жерлерге салынган үйлөрдү мыйзамдаштыруу маселеси боюнча өкмөт үйүнүн алдына митингге чыгышты. Алар өкмөт мыйзамдаштыруудан эки районду чыгарып салууну көздөп жатканын айтып нааразы болушту. Алардын бири Бекназар Айталиевдин пикиринде, аталган эки райондо эле 30 миңден ашык үй-бүлөнүн үй жана жер тилкелеринин документтери жок.

"Маселенин чечилбей жатканына 5 жыл болду. Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаттары чече албаганынан, VI чакырылыштын депутаттарына да кайрылганбыз. Андан кийин депутаттар мыйзам кабыл алган. Бирок ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев каршы пикир менен мыйзамды өкмөт жана Жогорку Кеңешке кайра иштеп чыгууга жиберген. Андан бери 4 айдан ашык убакыт өттү. Азыр өкмөт Сокулук жана Аламүдүн районундагы үй жана жер тилкелерин мыйзамдаштыруудан алып салып, калганын кабыл ала берели деп жатышат. Бул эки районду алып салса мыйзамдын 15 пайызы гана иштеп калат жана ызы-чуу чыгат. Себеби республика боюнча 47 миң үй мыйзамдаштырууга муктаж болсо, 20 миңдейи эле ушул эки райондо. Андан сырткары 20 миңге жакын жер үлүшү да мыйзамдаштырууга муктаж", - деди Айталиев.






Сокулук жана Аламүдүн районунун тургундары митингге чыгышты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: