super.kg logo

Жол кыймылынын коопсуздугу башкы башкармалыгынын жетекчисинин кырсыктарды азайтуу боюнча жообу депутатты канааттандырган жок

 

Бүгүн, 19-январда Жогорку Кеңештеги "Республика-Ата Журт" фракциясы жол коопсуздугуна арналган жыйын өткөрдү. Анда депутат Зарылбек Рысалиев жаңы түзүлгөн жол кыймылынын коопсуздугу башкы башкармалыгынын жетекчиси Канат Жумагазиевдин иш пландарына кызыкты.

"Сиз бул кызматка эмнелерди өзгөртөм деп келдиңиз? Сиз оперкызматкери болчусуз, эмнени жасайм деп келдиңиз? Бул жумушка кандай себеп менен келдиңиз, сынактан өттүңүзбү же бир ишти өзгөртөйүн деп келдиңизби? Кандай пландарыңыз бар?" - деп суроо салды Рысалиев.

Жол кыймылынын коопсуздугу боюнча башкы башкармалыгынын жетекчиси Жумагазиев учурда алгылыктуу иштер жүрүп жатканын айтты.

"Эң негизгиси ушул тармакты реформалоо, жол кырсыгын азайтып, чынында көп эле жумуштар жүрүп жатат. Негизги план жол кырсыктарын азайтуу. Азыр 161 кызматкер бөлүндү иштеп баштадык. Күнүнө эреже бузган үч миңден ашык айдоочуларга айып салып жатабыз, күнүнө айып аянтчасына 200дөн ашуун унаа киргизилип жатат", - деди Жумагазиев.

Депутат Жумагазиевдин жообуна канааттанбаганын билдирип, мурдагы суроону кайра кайталады.

"Эми бул деген катардагы жол көзөмөлдөөчүнүн иши да. Сиз өзүңүз бул кызматка келе жатканда эмне пландар менен келдиңиз эле?" - деген депутаттын суроолоруна Жумагазиев жооп бере алган жок.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(3)
19.01.2018. 19:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Топтогону келди да билип туруп сурабагылачы
19.01.2018. 19:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Рысалиев өзү эмне кылганына мактана алат болгону Батукаевди Нарындан Манас аэропортуна чейин кайтарып барып самалетко салып качырганы менен белгилүү болгонда
19.01.2018. 23:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бапки бапки
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: