super.kg logo

Кенекеев: "Акылдуу шаарда" адамды жүзүнөн таанып, бир жерде 20 киши чогулганы тууралуу маалыматты бере турган мүмкүнчүлүк бар"

 

"Акылдуу шаар" долбоорунда адамды жүзүнөн тааный турган, шаардын бир бурчунда 20 киши чогулса ал тууралуу маалыматтарды бере турган мүмкүнчүлүктөр бар. Бул тууралуу вице-премьер-министр Дайыр Кенекеев "Республика-Ата Журт" фракциясынын жол коопсуздугуна арналган жыйынында билдирди.

"Акылдуу шаардын" долбоору интеллектуалдык системдерди камсыздайт. Эки чоң маалыматтарды чогултуучу серверлер болот.

"Акылдуу шаардын" "Коопсуз шаардан" да көп мүмкүнчүлүктөрү болот. Бул адамды жүзүнөн таанып алуу, унаалардын номурларын таанып калуу сыяктуу мүмкүнчүлүктөр бар. Мисалы, терроризмге тийиштүү адамдын сүрөтү киргизилип ал шаарда жүрсө, аны шаардын ичинен тааный алат, шаардын бир бурчунда 20дай адам чогулса, ошол жерде адам чогулуп жатканын билдирип маалымат берип турат", - деди Кенекеев.

Вице-премьер-министрдин айтуусунда, өкмөт менен долбоорду ишке ашыра турган Huawei компаниясынын келишими азырынча күчүнө кире элек.

"Бул келишимде алдын ала көп нерселер жазылган. Келишим азыр күчүнө кире элек. Анткени келишимдин негизи боюнча техникалык, экономикалык түшүндүрмөлөрүн, техникалык тапшырманы, сметалык эсептерди 60 күндө компания өкмөткө өткөрүп берет. Бир жарым жыл ичинде Бишкек-Ош шаарына жолдорго видео, фото көзөмөлдөр, интеллектуалдык системдер орнотулмакчы. Долбоор 5 жылга созулат. Беш жылдын ичинде булар өздөрү иш алып барат. 60 миллионду актап, биздин адистерди окутуп тапшырып кете турган шарттар бар", - деп кошумчалады Кенекеев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(8)
19.01.2018. 15:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ушуга чейинкисин эле кылып алсаңар чооң иш болмок
19.01.2018. 16:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бутуруу моонототун кыскартыш керек. 5жыл ото эле коп. 5 жыл ичинде баш ооруткан проблема болот.
19.01.2018. 16:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Ошол акылдуу шаар долборун.Ак уйдун ичине орнотуш керек экен.Кайсыл чиновник канча акча жеп салган жана анын аты жонун,должнестин жана суротун сервиске так маалымат берип турса жакшы болмок эле))))
19.01.2018. 18:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Орноткула,туптуура! Кош колдоп колдойм! Антпесе биздин жолдордогу кыргыз жапайычылык чектен чыгып кетти!
19.01.2018. 18:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Огоо Сингапур болуп кетебиз го ))))
Аш, тойдо кыргыздар көп чогулат. Маалымат алып турат экенсиңер да. Ар бир тойкана, ресторандын алдынан
20.01.2018. 22:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бизге азырынча мындай нерсенин кереги жок эле андан коро бирдеке ондуро турган пайдалуу нерсе кылса болмок. Сапар Исаков озуну элдин алдында ото эле умный современный корсоткусу келип атат окшойт. Бул технологиясы беш алты жылдан кийин жараксыз болуп акчанын эле шору болот. Бизге качан Кыргызстанды ойлогон элди келечекти ойлогон президент келет.
20.01.2018. 22:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мунусу жолду башка коопсуздук учун эмес МИТИНГ болуп кетсе байкабай калабызбы дегени го
23.01.2018. 11:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жолдорду ондогулачы биринчи
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: