Жаңы Зеландиянын өкмөт башчысы кош бойлуу экенин жарыялап, төрөгөндөн кийин баласын жолдошу карай турганын айтты



Жаңы Зеландиянын өкмөт башчысы Жасинда Ардерн быйылкы жылы кош бойлуулугуна байланыштуу кызматын убактылуу орун басарына өткөрүп берип турат. Министрлер кабинетинин башчысы 6 аптага созулган декреттик өргүүгө чыгарын аталган өлкөнүн жалпыга маалымдоо каражаттары жазып чыгышты.
"Мен премьер-министр жана эне, ал эми Кларк (ред. өнөктөшү) биринчи жентльмен жана үйдө отуруучу ата болуу алдында турат. Ушул жылдын июнь айында 2 кишиден турган биздин топ 3 киши болуп көбөйөт", - деп бүгүн Жаңы Зеландиянын өкмөт башчысы социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Маалымат үчүн: Жасинда Ардерн өткөн жылдын октябрь айынан бери премьер-министрликти аркалап келет. Кош бойлуу экенин өкмөт башчы болгонго чейин эки апта мурда билген. Декреттик өргүүгө чыгуунун жагымдуу себепкери төрөлсө, ымыркай 37 жаштагы премьер айымдын биринчи баласы болот.







1 |