super.kg logo

"Кара-Көлдө жол кырсыгына учураган бензовоздон төгүлгөн күйүүчү майды адамдар тоногон эмес, идиштерге чогултуп кайра ээсине беришкен" дейт тургун

 

Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул районундагы Кара-Көл шаарындагы жол кырсыгына учураган бензовоздон төгүлгөн күйүүчү майды адамдар идиштерге куюп чогултуп кайра ээсине беришкен. Бул тууралуу SUPER.KG порталына бүгүн, 19-январда Кара-Көл шаарынын тургуну Наргиза Абдухамидова билдирди.

"Буга чейин Кара-Көл шаарында жол кырсыгына учураган бензовоздон төгүлгөн күйүүчү майды жергиликтүү тургундар идиштерге чогултуп куюп алып жаткан видео тараган. Бул боюнча коомчулукта туура эмес пикир пайда болуп, кара-көлдүктөр кырсыкка учураган унааны тоношууда деген пикирлер да айтылган. Ошол учурда мен Кара-Көл шаарында болчумун окуя кандай болгонун көргөм. Ал жерде жергиликтүү тургундар төгүлгөн күйүүчү майды идишке топтоп ээсине беришкен. Ал жерге 37 тонна күйүүчү май төгүлгөн экен, анын 20 тоннадайын жергиликтүү тургундар жерге төгүлгөн жеринен чогултуп беришкен. Бирок түрдүү адамдар болот анча-мынча үйлөрүнө алып кетип калгандар да болгон", - дейт тургун.

Бул боюнча "эмнеге коопсуздук чаралары сакталбастан бензовоздон төгүлүп жаткан күйүүчү майды жарандарга алууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн" деген суроо менен Өзгөчө кырдаалдар министрлигине кайрылдык. Алар бул видео алардын кызматкерлери барганга чейин тартылганын, ал жерге жарандарды киргизбей көзөмөлдөө милициянын милдети экенин айтышты.

Ал эми Жалал-Абад ОИИБинен бул видеодогу окуя боюнча учурда териштирүү иштери жүрүп жатканын анын жыйынтыгы менен толук кандуу жооп берилерин билдиришти.

Айта кетсек, буга чейин окурман Кара-Көл шаарында жол кырсыгына учуруган бензовоздон төгүлгөн күйүүчү майды жергиликтүү тургундар идиштерге сузуп чогултуп жаткан видеону жөнөткөн болчу.

Эске салсак, 2017-жылы Пакистанда күйүүчү май ташыган унаа жол кырсыгына кабылган. Оодарылып калган унаадан адамдар канистрларга бензин агызып алып жатканда жарылуу орун алып 152 адам каза болуп, 117 адам жаракат алган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
19.01.2018. 17:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Туура эмес маалымат тараткандардыда жазаласа экен. Элдердин ниети бузулганда. Ч.Айтматов бекеринен айткан эмес АДАМГА ЭҢ КЫЙЫНЫ КҮН САЙЫН АДАМ БОЛУУ ДЕП. таактап алып анан жазышпайбы ушундайларлы. Кара Көлдүктөр Азаматсыңар.
19.01.2018. 22:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Милициянын милдети болсо журотго видеодо формачан жалдыраап коюп
19.01.2018. 23:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
кара колдуктор эн боорукер ырайымдуу калк болобуз
20.01.2018. 00:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
myrzaym,жаман озун мактайт
20.01.2018. 05:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Mazi1280, мактайбыз да озубузду анан сени мактамак белем мен да оз козум менен коргонду айтып жатам
20.01.2018. 14:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин коллегаларым бар Караколдон,ошолордон уктум ээсине кайтарып беребиз дешип чогултуп коюшуптур бир жерге.Бул кабар чыга электе эле уккам,эми окуп чындык чыгыптыр ачыкка деп суйундум.Озум Аксыданмын.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: