super.kg logo

Францияда улгайган бай эркектер менен көңүлдөш болуп, аларды ууландырып жүргөн аял 22 жылга камалды

 
Францияда 57 жаштагы Патрисия Дагорн аттуу аял 4 көңүлдөшүн ууландырганы үчүн 22 жылга эркинен ажыратылгандыгы тууралуу чет элдик маалымат булактарында жазылат. Маалыматка ылайык, ал ууландырган 2 адам каза болуп калган.
Дагорндун бул кылмышы тууралуу коомчулукка тарагандан кийин ал "Кара жесир" деген атка конгон.
Тергөө иштеринин жүрүшүндө "Кара жесир" таанышуу агенттиктери, интернет аркылуу улгайган, акчалуу эркектерге мамиле түзүүнү сунуштап, алар менен интимдик байланышта болуп жүргөндүгү аныкталган. Мындан тышкары ал эркектерди акча, баалуу буюмдарды бергенге ынандырып келген. Бирок ал курган мамиленин көбү ууландыруу менен аяктагандыгы белгилүү болгон.
Анын курмандыктарынын бири - Ницца шаарынын 60 жаштагы жашоочусу болгон. Аны полиция өзүнүн батиринде жансыз жаткан жеринен табышкан. Медициналык экспертизадан өткөрүлүп, иликтөө иштери жүргүзүлгөндөн кийин анын ууланып өлгөндүгү белгилүү болгон. Мындан тышкары өлүмүнүн алдында көңүлдөшү Патрисия Дагорн менен жолукккандыгы аныкталган.
Дал ушундай эле окуя Франциянын дагы бир шаарында катталып, анда да улгайып калган эркек киши өлүмүнүн алдында Патрисия Дагорн аттуу аял менен жолукканы ачыкталган. Тергөө иштеринин жүрүшүндө экөөнү тең "Кара жесир" өлтүргөндүгү аныкталган. Мындан тышкары ал бир нече эркектер менен "ысык мамиле" куруп, аларды түрдүү жолдор менен алдап, акчаларын, баалуу буюмдарын алып жүргөн.
Сот аны 22 жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарган. Ал буга чейин да алдамчылык жана уурулук кылмышы менен 5 жыл жаза мөөнөтүн өтөп чыккандыгы жазылат маалыматта.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(6)
20.01.2018. 11:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
57ге чыгыптыр жон эле журбойбу десен!
20.01.2018. 11:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ойнош болуп ээээ
20.01.2018. 11:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Зынаанын кесепети.
20.01.2018. 12:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Эркектерге да рас эле болуптур,озуну бир омур бир эркекке арнаган жакшына аялдары турса кайдагы картан аялга асылып
20.01.2018. 13:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
57 жаштагы катынды элестеттам,чалдарга интим коргозгонун
20.01.2018. 18:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кино тартса болчудай экен
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: