Кийинки жумада парламентте таза суу маселеси боюнча өкмөттүк саат өтөт

Кечээ, 19-январда Жогорку Кеӊештин төрагасы Дастанбек Жумабековдун жетекчилиги менен өткөн Координациялык кеӊештин кезектеги жыйынында парламенттин 24-25-январдагы жыйындарынын күн тартиби бекитилди.
Жогорку Кеӊештин 24-январындагы жыйынында "Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө", "Лицензиялык-уруксат берүү тутуму чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" жана башка бир катар мыйзам долбоорлору каралат.
Ал эми парламенттин 25-январындагы жыйынында Жогорку Кеӊештин "Калктуу конуштарды таза суу менен камсыз кылуу жөнүндө" протоколдук тапшырмасынын аткарылышы боюнча өкмөттүк саат өтөт. Андан тышкары, "Жарандык коргоо" сыяктуу бир катар мыйзам долбоорлору да каралмакчы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:28
2025-07-17
16:21
2025-07-17
16:10
2025-07-17

Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
s.k.bakyt

20.01.2018. 09:25
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ак Талаа районунун Тоголок Молдо айылы суу жок кыйналды. Кышында таптакыр чыкпай калып эл алыс жерден ташып келип ичет.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.