super.kg logo

Премьер-министр Япония эл аралык кызматташтык агенттигинин туруктуу өкүлү менен жолугушту

 

Премьер-министр Сапар Исаков Кыргыз Республикасындагы Япония эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) туруктуу өкүлү Казухико Кикучи менен жолугушту. Бул тууралуу бүгүн, 20-январда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, өкмөт башчы бүгүнкү күндө Кыргыз-Япон мамилелери жогорку деңгээлде тура турганын айтты. Премьер-министр өнүктүрүү боюнча долбоорлорду биргелешип ишке ашырууга активдүү катышуусу үчүн JICA'га ыраазычылык билдирди.

Сапар Исаков учурда алдыңкы технологияларсыз улуттук экономиканы өнүктүрүү мүмкүн эместигине токтолду.

"Cанариптик трансформация өлкөдөгү коррупцияны жоюуга, республикалык бюджеттин кирешесин жогорулатууга, көмүскө экономиканын көлөмүн кыскартууга жана социалдык инфраструктураны жакшыртууга кеткен чыгымдарды жогорулатууга мүмкүндүк берет деп ишенебиз", - деди Сапар Исаков.

Сапар Исаков ошондой эле кыска мөөнөттө аткарылчу милдеттер катары "Акылдуу шаар" долбоорун, салык процедураларын фискалдаштырууну, мамлекеттик органдардын ишин оптималдаштырууну, салмак көлөмдүк көзөмөл жана мамлекеттик сатып алуулар тутумун жакшыртууну ишке ашырууну атады.

Казухико Кикучи Сапар Исаковго жолугушуу үчүн ыраазычылык билдирип, акыркы жылдардагы Кыргыз-Япон мамилелеринин тереңдеп бара жаткандыгын белгиледи.

"Таза Коом" программасы - абдан келечектүү долбоор. Анда бюджеттин киреше бөлүгүн жогорулатуу үчүн чоң мүмкүндүктөр камтылган. Аны адамдар жашоосундагы сапаттуу өзгөрүүлөрдү сезүүсү үчүн социалдык тармакты өнүктүрүүгө багыттоого болот", - деди Казухико Кикучи.

Казухико Кикучинин айтымында, JICA жетекчилиги келечекте Кыргыз өлкөсү менен мамилелерди өнүктүрүүгө кызыкдар, буга өлкөдөгү ар кыл долбоорлордун ишке ашырылып жатышы күбө болот.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: