super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: "Кара-Суунун Мамажан айылында ичүүчү таза суунун жоктугу тургундарды түйшөлтүүдө" дейт окурман

 

Ош облусуна караштуу Кара-Суу районундагы Мамажан айылында таза суу жок, айыл эли ичүүчү таза сууну ташууда түйшөлөт. Билдирүүнү окурман бүгүн, 20-январда "Элдик кабарга" WhatsApp аркылуу жөнөттү.

Маалыматка ылайык, алыстан суу ташуу көпчүлүк үй-бүлөлөр үчүн чоң түйшүктү жаратууда. Өзгөчө кышкысын көчөлөргө муз тоңуп, аны алыстан алып келүү эл үчүн ыңгайсыз.

"Айыл эли ичүүчү таза суунун түтүктөрүн оңдоп, суу чыгаруу аракеттерин көп эле жасап көрдү, бирок жыйынтык чыккан жок. Айылда 2 миңдей тургун жашайт, 2 эле жерден таза суу чыгат. Кээде ал жерде да суу токтоп калып, башка айыл, шаарлардан алып келүүгө туура келет. Кээ бир үй-бүлөлөрдө унаа, ташып келүүчү жаштар жок болгондуктан суудан абдан кыйналат", - деп жазат окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
20.01.2018. 12:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
menin ayilmgo...
20.01.2018. 12:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чындап эле суу жок
20.01.2018. 12:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мамажанда кудайга шугур эле суу чыгат.Ошол айылынарга чыкпаган сууну баняны жаптыргыла ошондо чыгат.
20.01.2018. 23:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баня да керек да айрыкча кышында,мектеп окуучуларына
21.01.2018. 18:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сокеге айткыла убада берген убадасын аткарсын. 6 жылдын ичинди таза суусуз айыл калбайт деп сөз берген.
21.01.2018. 19:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ооба. Соке жардам берсин. Биринчи кезекте суу чыгарып берем деп убада берген... Же шайлоодо алган 1000 сомду 6 жылга жеткиргиле...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: