super.kg logo
  Спорт  

Бүгүн футзал боюнча Кыргыз курама командасы орусиялык "Спартак" кичи футболдук клубу менен беттешет

 
Кыргыз курама командасынын башкы машыктыруучусу Амиржан Муканов
"Спартак" мини-футболдук клубунун башкы машыктыруучусу Андрей Цуканов
Кыргыз курама командасынын оюнчусу Актай Таштанбеков

Бүгүн, 20-январда футзал боюнча Кыргыз курама командасы менен орусиялык "Спартак" кичи футболдук клубу жолдоштук беттеш өткөрөт. Анда командалар Европанын системи боюнча 25 мүнөттөн турган 2 тайм ойношот.

Кыргыз курама командасынын башкы машыктыруучусу Амиржан Муканов "Спартак" менен боло турган беттеш курама үчүн маанилүү жана оюнчулар беттешке даяр экенин айтты.

"Азия чемпиондугуна даярдык катары москвалык клуб менен боло турган беттеш биз үчүн абдан маанилүү. Бул беттеш Кыргыз Республикасында футзалдын өнүгүшүнө жол ачат. Биздин курама жана өлкөбүз үчүн бул чоң жетишкендик. Анткени бул беттеш аркылуу футзалдын күйөрмандары жана сүйүүчүлөрү көбөйөт", - дейт Муканов.

"Спартак" командасынын башкы машыктыруучусу Андрей Цуканов беттешти чыдамсыздык менен күтүп, командасы мыкты даярдыкта экенин айтты.

"Алгач чакыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Футбол федерациясына ыраазычылык билдиргим келет. Атаандашыбыз тууралуу айта кетсем алар мыкты, жакшы ойнойт. Кыргыз курамасы Азия чемпиондугуна даярданып жатканын билем, алар машыгуу жыйындарын өткөргөн. Муну менен беттеш кызык болот деп ойлойм. Оюн талаасы тууралуу айтсам, биз паркетте ойноп көнүп калганбыз, бизге биртке ыңгайсыз болушу мүмкүн. Бирок биз ойногону келдик, эми ойнойбуз", - деди Андрей Цуканов.

Айта кетсек, орусиялык клуб менен боло турган жолдоштук беттеш Кыргыз курамасы үчүн Азия чемпиондугуна даярдык катары орун алууда. Азия чемпиондугу Тайбэйде 1-11-февраль аралыгында өтөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
20.01.2018. 14:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Саат канчада кайсы жерде толугураак жазып койгулачы супер?
20.01.2018. 14:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Azat.97,саат 19:00 Арча Бешик ФОК Газпром
20.01.2018. 15:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
sirgak_92,Рахмат
20.01.2018. 16:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ктрк прямой эфир береби жокпу ошону ким билет
20.01.2018. 18:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик жигиттерге Жениш кутобуз
20.01.2018. 22:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
биртке ынгайсыз???
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: