super.kg logo

Бишкекте Кыргыз-Түрк достугу ооруканасы пайдаланууга берилет

 

Вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова Кыргыз Республикасындагы Түркиянын атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Женгиз Камил Фырат менен кечээ, 19-январда жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушууга Түркиянын Саламаттыкты сактоо министрлигинин жана эл аралык кызматташтык боюнча түрк агенттигинин өкүлдөрү катышты. Анда тараптар мамлекеттер аралык эки тараптуу аракеттешүүнүн актуалдуу темаларын талкуулашты.

Женгиз Камил Фырат вице-премьер-министрге Бишкек шаарындагы Кыргыз-Түрк достугу ооруканасынын курулушунун жүрүшү жана аны заманбап медициналык жабдуулар менен камсыздоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымдады. Ал медициналык мекеменин курулушу аяктап калгандыгын жана учурда эки өлкөнүн адистери тарабынан оорукананы мындан ары карай пайдалануу тууралуу келишим долбоору иштелип жаткандыгын билдирди.

Түрк тарап Кыргыз-Түрк достугу ооруканасынын ишин келечекте техникалык жана каржылык жактан колдоого алууга даяр экенин билдирди.

Өз кезегинде Чолпон Султанбекова түрк тарапка оорукананы куруу жана жабдуу боюнча долбоорду ийгиликтүү ишке ашыруусу үчүн ыраазычылык билдирди.

“Кыргыз мамлекетинде түрк тарап менен кызматташуунун негизинде социалдык маанидеги объектилерди куруу боюнча бир катар долбоорлор ийгиликтүү ишке ашырылды”, - деди Чолпон Султанбекова.

Түркия элчиси жолугушуунун жүрүшүндө айтылган бардык сунуштар республиканын тийиштүү мамлекеттик органдары тарабынан белгилүү тартипте каралып чыга турганын билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
20.01.2018. 13:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Турцияда медицина онуккон,тажрыйба алмашсак сооонун болот.Жабдыктары да супер,,, согуштан калган эмес
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: