Жириновский Кыргыз өлкөсүнүн карызынын эсебинен Ысык-Көлдү Орусияга ижарага берүүнү сунуштады
"Кыргыз мамлекетинин карызын кечкендин ордуна Ысык-Көлдү ижарага берүүнү сүйлөшүш керек болчу", - деп 19-январда журналисттерге Орусиянын Либералдык-демократиялык партиясынын лидери Владимир Жириновский билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Кечээ Орусиянын Мамлекеттик Думасы Кыргыз өлкөсүнүн 240 миллион доллар карызын кечүү боюнча өкмөт аралык макулдашуунун протоколун ратификациялады.
"Карызды кайрадан кечип жатабыз. Орусиянын өнүгүүсү үчүн эч бир өлкөгө карыз бербеш керек. Мен буга чейин эле Кыргыз мамлекетине Ысык-Көлдү 99 жылга ижарага берүүнү сунуштагам. Биз ал жакка пенсионерлерди, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды жана студенттерди акысыз жөнөтмөкпүз", - деди Жириновский.
Айта кетсек, Орусия тараптын дагы 240 миллион карыздан кечүү тууралуу протоколго экс-президент Алмазбек Атамбаев менен Орусиянын президенти Владимир Путин 2017-жылдын 20-июнунда Москвадагы жолугушуусунда кол коюшкан.
Бул макулдашуунун протоколун Жогорку Кеңеш былтыр 2-ноябрда ратификациялап, мыйзамга президент Сооронбай Жээнбеков өткөн жылы 9-декабрда кол койгон.

Эми корунгону келип аны бер муну бер десе эси ооп кармата салгандан да тайышпайт. Ошентип эле коргулочу
... Урушта туруш жок озунорду жоготуш керек биринчи!!!!
Азыр го Путин бар экен карызды кечип эч нерсе сурабай турат.
Кийинчерээк Орус бийлиги алмашса эмне болоор экен???Карызды толо дейт,тологонго каражат жок анан тартып алабыз деп чыгат.
Биздикилер го алышын алып,жеп! олуп кетишет.Баягы эле карапайым элге кыйын болушу анык.