Apple компаниясы "акылдуу тиш жуугуч щёткаларды" чыгара баштайт
Apple компаниясы "акылдуу тиш жуугуч щётканын" үлгүсүн коомчулукка тартуулады. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматта жазылгандай, Apple жана Colgate компаниясы жасалма акыл эске ээ "Е1" тиш жуугуч щётканын үлгүсүн тартуулады. Аталган щётка адамдын ооз көңдөйүнүн картасын түзүп, атайын вибрация үндөрү аркылуу тиштерди тазалайт.
Жыйнап алынган маалыматты щётка атайын уюлдук тиркемеге жүктөйт. Ал эми балдар үчүн щётка "Go Pirate" деп аталган мобилдик оюн менен биргеликте жарык көрөт. Бала канчалык тишин көп жууса ага оюнда ошончо көп тыйындар жана мүмкүнчүлүктөр берилет.
Аталган щётканын кубаты 10 күнгө жетет, баасы АКШда 99 долларды түзөт. "Акылдуу щётканы" Apple дүкөндөрүнөн гана сатып алганга болот.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
8:17
2025-06-25

Рейтинг:
-2

Комментарийлер(4)
Simels

21.01.2018. 10:07
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
IPHONE эми IPHONE Xти сатыктан алып таштайт экен. IPHONE X коп колдонуучуларга жакпай баасы сапатына туура келбегени учун.
Snejana

21.01.2018. 13:00
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шумдук!
aikera1992

21.01.2018. 13:03
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ушунун баары электроника, зыян аябай. Тишин тууралуу маалыматты кадимки коз менен тиш доктурдан артык эч ким айтып бере албайт. Деги эле техника менен аба ырайына ишенип болобу?
Zainidin96

22.01.2018. 00:51
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Биз жака да келсе болот эле норм екен акылдуу тиш щётка
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.