super.kg logo

Япониялык инженер сууга чөкпөгөн унааны ойлоп тапты

 
Япониялык инженер сууга чөкпөй турган унааны ойлоп тапты. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышкан.
Маалыматта жазылгандай, "Toyota" компаниясынын мурдагы кызматкери Хидео Цурумаки өзү иштеп чыккан, сууга чөкпөгөн унааны коомчулукка көрсөткөн.
"Японияда 2011-жылы март айында болгон цунами көптөгөн мекендешимдин өмүрүн алып кеткен. Мен ошондо эгерде автоунаалар чөкпөй суунун үстүндө калкып калганда канчалаган адамдар аман калат эле деп ойлонгом", - деп билдирген Цурумаки.
Кырсык болгондон көп өтпөй инженер оюн ишке ашыруу үчүн жумуштан кетет. Ал суу кирбеген чакан электрунаасын иштеп чыккан. Унаалар суунун үстүндө калкып гана калбастан, сууда жүрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ. Аталган унаалар атайын дөңгөлөктөр менен жабдылган, дал ушул дөңгөлөктүн жардамы менен алар сууда катуу эмес ылдамдыкта жүрө алышат.
2018-жылдын аягына чейин Цураками атайын заводду ижарага алып унааларды чыгарып баштоону максат кылган. Алдын ала айтылган маалыматтар боюнча, бул заводдон бир жыл ичинде 10 миңге жакын электр кубаты менен иштеген унаа чыгат.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
21.01.2018. 13:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Азамат. Жакында три в одном унаалар чыгат, 1) учат, 2)сууда сузот, 3) жолдо журот. Бизге асфальт жок, баткак кочолорго журо турган арзан унаалар керек, учканды коюп.Канча адам кыйналбай калат эле. Айыл кыштак, жаны конуштар...
aikera1992 түзөттү 2018-01-21 13:08:34
21.01.2018. 13:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Эн жакшы. Ушинтип эле илим билим онуго берсин. Бир киши салган арыктан, мин киши суу ичет жейт. Адамдарга пайдасы коп. Азыркы дуйнону илимий технология озгортуп жатат. Япония, АКШ, Туштук Корея, Германия, Кытай, Россияга окшогон технологиясы онуккон олколор дуйнону озгортуп жатышат. Космосту да ушул олколор колго алышты.
21.01.2018. 15:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Даа япондор кыйын экен чынында.
21.01.2018. 16:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Ватсап иштебей жатат силердечи?
21.01.2018. 18:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакында Кыргызстанга дагы келиши мумкун.
13.02.2018. 13:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Taalaibek., Бизге кереги жок каяктагы сунами, бизге тоодо жүрөтурган аспалттаыбыз бузулган жерде жүрө турган машина ойлоп таап алып келсе биз алабызго.
22.01.2018. 00:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эн сонун мыкты ойлоп тааптыр
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: