Чүйдө аял төрөттөн кийин эсине келбей көз жумду
Бүгүн, 20-январда Чүй облустук төрөт үйүндө 5 күндөн бери комада жаткан аял эсине келбей көз жумду. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, ал 15-январда операция жолу менен көз жарган.
Токмок шаарынын 42 жаштагы тургуну 32 жумалык кош бойлуу кезинде бойдон түшүп калуу коркунучу менен Чүй облустук бириктирилген ооруканасына келген. 15-январда анын жүлүнүнө наркоз берилип, операция жолу менен дарыгерлер төрөтүшкөн. 2 килограмм 800 грамм салмакта төрөлгөн ымыркайдын абалы учурда жакшы. Бирок анын апасынын абалы төрөт маалында начарлап кетип, эсин жоготуп, ошол бойдон көз жумган. Анын бул төрөтүнө чейин 4 баласы болгон.
Айрым маалымат каражаттары аялдын өлүмүнө туугандары дарыгерлердин катачылыгы себеп болду деп билдиргенин жазышты. Эненин өлүмүнүн себебин аныктоо үчүн экспертиза жүргүзүлүп жаткандыгы жана бул маселе министрдин көзөмөлүндө боло тургандыгы айтылат маалыматта.


Раматылык аял плазмага реакция берди деп жатышат,андай учурда врачтар куноолуу болушпайт,так аныгын эми экспертиза эле корсотот.
Жаткан жери жайлуу болсун..