Автобустан чыккан өрттөн каза болгон 52 адамдын өлүмүнө Мирзийоев өзбек бийлигин күнөөлөдү
"Биз жарандарга жумуш, шарт түзбөгөндүгүбүз үчүн алар башка өлкөлөрдөн иш издөөгө мажбур болуп жатышат", - деген Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев Казакстандын Ак-Төбө облусундагы өрт кырсыгынан каза болгондорго арналып куран окулган учурда Сурхандарыя облусундагы Хаким Термизи мавзолейинде.
Чет элдик маалымат булактары жазгандай, Мирзийоев автобустан чыккан өрттөн каза болгондордун көбү жаштар экенин белгилеген.
"Алар жөндөн-жөн эле башка мамлекеттерде мээнет кылып, азап чегип жүргөн жок. Үйүнө нан, атасына акча алып келүү үмүтү менен кетип жатышкан. Бул каргашалуу окуя көп нерсени ачыкка чыгарды. Эл алдында жасай турган ишибиз көп экенин көрсөттү", - деген өлкө башчысы.
Өзбекстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маркумдардын аты-жөндөрүн тактап, алардын эң кичүүсү 19 жашта экенин билдирген. Алдын ала айтылган маалыматтар боюнча, аз убакыттын ичинде 57 жүргүнчүнүн 52синин өмүрүн жалмап кеткен өрт автобустун ичинде паяльник жана бензин куюлган идиш болгондугуна байланыштуу болгон. Аны айдоочу салонду жылытуу үчүн пайдаланышы мүмкүн. Бул божомолду тастыктоо үчүн аман калган адамдардан сурак жүргүзүлүүдө. Каза болгон жарандардын сөөктөрүн Өзбекстандын өзгөчө кырдаалдар министрлиги атайын борт менен Ташкент шаарына алып кеткен.
Эске салсак, 18-январда Казакстандын Ак-Төбө облусунда автобус күйүп кетип, 52 адам каза болгон. Анын ичинде 55 жүргүнчү жана 2 айдоочу болгон. 5 жүргүнчү сыртка чыгып кетүүгө үлгүрүп, калганы чыга албай күйүп кетишкен. Автобустун ичинде каза болгондордун баары Өзбекстандын жарандары экени маалым болгон.
кошулду

Окмот озунун эсебинен каржылап баарын,биз куноолубуз деп кейип турат.
Биздикилер элдер жардам болсун деп атайын эсеп ачып акча чогултушса ошону да бекитип тияка-бияка суйроп жеп тынышты го!!!
Соке Крны
Тушумдо " онунон келсин" деп тилеп атам
балким ушул адам адилеттуу кызмат кылаар,кудай насип кылса онугобуз!!