super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: "Падыша-Ата" коругунда кышкы туризмди өнүктүрүү боюнча иш-чара өттү" дейт окурман

 

Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районундагы "Падыша-Ата" мамлекеттик коругунда бүгүн, 20-январда кышкы туризмди өнүктүрүү боюнча иш-чара өткөрүлдү. Мындай маалыматты окурман "Элдик кабарга" WhatsApp аркылуу билдирди.

Билдирүүгө ылайык, ага элүүдөн ашуун жергиликтүү тургундар катышкан.

"Аксы районунун акими жана коруктун туризм боюнча адисинин уюштуруусунда өткөн иш-чарада тургундарга чана жана лыжа тебүүнүн ыкмалары үйрөтүлдү. Мындан тышкары корукка кышкысын эс алуучуларды тартуу маселеси талкууланды. Мындан кийин ар бир ишемби, жекшемби күндөрү аймакка кышкы спортту жайылтуу жана туристтерди тартуу боюнча иш-аракеттер көрүлүп турат", - деп жазган окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(3)
21.01.2018. 07:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
4 адам барса эле, трактор туртсо эле туризм онугуп кетеби?
21.01.2018. 15:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Атын чыкпаса жер ортто
22.01.2018. 00:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кабар жиберген киши озун эле реклама кылган го уй булоосу менен муз тепкени баоып зеригип кетип жиберип койгон го
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: