super.kg logo

Москвада 5-кабаттан кулап кеткен Жаркынай Бишкекке алынып келди. Ага операцияны Сабырбек Жумабеков жасайт

 

Орусиянын Москва шаарында көп кабаттуу үйдүн 5-кабатынан кулап кетип ооруканада жаткан Жаркынай Юсупова Бишкекке алынып келди. Учурда ал шаардагы №4-ооруканага жайгаштырылып дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп жатканын SUPER.KG'ге жарандык активист Дайыр Орунбеков кабарлады.

Анын айтымында, Жаркынайга операция качан жасала турганы 22-январда белгилүү болот.

"Жаркынайды 20-январь күнү "Манас" аэропортунан тосуп алып №4-ооруканага жеткирдик. Дарыгерлер кабыл алып, ооруканага жайгаштырышты. Операцияны профессор Сабырбек Жумабеков жасайт экен. Ал киши эртең кыздын абалы менен таанышып, андан соң операция жасалчу күнүн тактайт", - деди Орунбеков.

Ал эми Жаркынайдын операциясына жардам иретинде Орусияда иштеген мекендештер тарабынан 228 миң 350 рубль чогултулган.

Белгилей кетсек, Жаркынай ушул жылдын 1-январында саат 07:00дөр чамасында терезеге парда тагып жатып 5-кабаттан түшүп кеткен. Кулап түшкөндөн кийин эс учу жок абалда шаардагы ооруканалардын бирине жаткырылган. Эки күндөн кийин ал эсине келип, жаракат алган жерлерине алгачкы операция жасалган. Өзүнүн айтымында, эки буту сынып, омурткасы жана оң колу жабыркаган. Мындан улам белинен ылдый тарабы эч нерсе сезбей жатат.

Жалал-Абад облусундагы Майлуу-Суу шаарынын 29 жаштагы тургуну Жаркынай 10 жылга жакын убакыттан бери Орусияда иштеп келген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(9)
21.01.2018. 15:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Шыпаасын берсин. С.Жумабеков сизге ийгилик!
21.01.2018. 15:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Айыгып кетсин ылайым мекендешибиз!
21.01.2018. 15:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Сакайып кет, Жумабековдон Аллах раазы болсун!
21.01.2018. 17:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жумабеков айбай кыйын хирург Жаратканым колдоп ийгиликту отсун
anash түзөттү 2018-01-21 17:09:44
21.01.2018. 17:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кудай шыпа берсин аман-эсен айыгып кетсин,ошончо акча топтоп берген мигрантарга рахмат.
21.01.2018. 23:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Операциясы ийгиликтуу отсун! Айыгып, басып калды деген жанылыкты кутобуз!!!
22.01.2018. 11:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айыгып кет ийгилик
22.01.2018. 12:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
1-январь куну саат 7де кантип занавеска илсин.Москвада 8ден отуп тан атып атат го.оббоооо шылтоонордон силердин.эмнеси болсо да Аллах шыфаанды берип айыгып кет.
22.01.2018. 22:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
salman-dastan,жашчылык-масчылык болуп кеткен го.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: