super.kg logo
  Саясат  

Өкмөттүн басма сөз кызматы депутат Жанар Акаевди маалыматтык чагым менен алектенбөөгө чакырды

 

Өкмөттүн басма сөз кызматы Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаевди маалыматтык чагым менен алектенбөөгө чакырды. Бул тууралуу билдирүүнү өкмөттүн басма сөз кызматы бүгүн, 21-январда таратты.

Жанар Акаев социалдык түйүндөгү баракчасына Эркинбек Мергенбаев тууралуу жазган маалыматына өкмөт жооп кайтарды.

Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, Мергенбаев Бишкек шаардык сотунун өкүмү "чет өлкөдөн аткезчилик менен товар ташып келген жана бажы төлөмдөрүн төлөөдөн качкан" деп айыпталып, 6 жылга эркинен ажыратылган.

"Иликтөөнүн жүрүшүндө бардык тийиштүү комиссиялык, курулуш-техникалык жана соттук-бухгалтердик экспертизалар жүргүзүлгөн. Мергенбаев тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагына бажы көзөмөлүнөн жашыруун жана мамлекет бюджетине тийиштүү бажы төлөмдөрүсүз отургучтар киргизилип, алар ипподромго орнотулган. Премьер-министр Сапар Исаковдун сот процессинин жүрүшүнө кийлигишүүгө укугу жок. Жанар Акаевдин билдирүүсү аныкталбаган маалымат. Депутатты маалыматтык чагым менен алектенбөөгө, ыйгарылган депутаттык мандатты, өз пикирин билдирүү укугунан пайдаланууда жоопкерчиликтүү болууга чакырат", - деп жазылат маалыматта.

Эске салсак, Чолпон-Атадагы ат майданды оңдоп-түзөөдөн өткөргөн "Темир Канат" ишканасынын жетекчиси Эркинбек Мергенбаев 6 жылга эркинен ажыратылган. Мындай чечим Бишкек шаардык соту тарабынан кабыл алынган. Жанар Акаев социалдык түйүндөгү баракчасына премьер-министрди сындап пост жазган. "Сапар Исаков Атамбаевди жазбай тартканбы же туурагысы келеби? Айтор, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата стадион курган ишкерди 6 жылга каматып, анысы аз келгенсип үй-мүлкүн да калтырбаптыр. Мергенбаевди чукул арада стадион курдуртушканы аз келгенсип, акчасын да бербей какшатып жүрүшкөнүн уккам. Ал Сапар Исаковду ачык сындап чыкты эле. Эл башкарам деген адам кичине эмоциясын чектеп, сынга даяр болуп, катасын айткан кишиге эле каарын төкпөй, салабаттуу саясатчы болушса кана. Өлкөңдө элиң адилеттүүлүккө суусап турса, "Таза коомуң" курусун! Азыр бизге планшеттен дагы, калыстык абадай керек болуп турат го", - деп жазган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: