super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: "Соцфондго болгон төлөмдөрдүн квитанцияларын жоготуп алдым, эми мени карыз кылып жатышат" дейт окурман

 

SUPER.KG порталынын "Элдик кабар" рубрикасына Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу 1-Май айылынын Абдыкалык Маматов аттуу тургуну кайрылды.

Тургундун айтымында, социалдык фондго төлөнгөн төлөмдөрдүн квитанцияларын жоготуп алган. Социалдык фонддун аталган райондогу башкармалыгы Маматовдун 7 миң сомдон ашык карызы бар экенин айткан. Тургун бул жаңылыштык экенин билдирип, соцфонддун кызматкерлеринен өздөрүндөгү каттоодон издеп көрүүсүн өтүнгөн. Бирок алар андан төлөмдөр тууралуу квитанцияларды талап кылып жатканын айтат.

"Биз адамбыз, түрдүү абалга байланыштуу төлөмдөр тууралуу квитанцияларды жоготуп коюшубуз мүмкүн. Жашым 60тан ашып, жыл сайын ооруканага жатканга туура келет. Буга байланыштуу милдеттүү медициналык камсыздандыруу аныктамасын алууга мажбур болдум. Ал үчүн социалдык фонддо карыз болбош керек дегенинен райондук соцфондго барсам мени 1996-жылдан берки карыздарың бар деп квитанция сурап жатышат. Мен аларга 2017-жылга чейин бардык салыктарды төлөп келгенимди айтканым менен далилдей албай жатам. Жетекчисине чейин кирдим, бирок квитанция керек деп жатышат. Менин төлөмдөрүм райондук бөлүмдө катталбайбы? Жаран квитанцияларын жоготсо да соцфонддо маалыматтар болуш керек да же жоготкондун баары карыз болобу?" - деп жазган тургун.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(9)
21.01.2018. 22:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Мындай окуя далай болгон озубуздун кварталныйга жер налогун толоп жургом анан кийин квитанцияны жоготуп налогдон сурасак толонбоптурда мындай учурлар далайдын башынан отсо керек
21.01.2018. 22:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Же биздин кварталный жеп журчу беле ким билет ак оргодо роза деген кварталный эле
21.01.2018. 23:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Негизи эч кандай акча каражатты колдоруна бербешибиз керек. Баардык толомдор банк аркылуу жургузулушу керек себеби мамилекеттик орган. Ал эми биз колдорундагы озулорунун жеке думурчокторуно ишенип тологон налогторубузду кызматкерлер оз кызыкчылыгына муктаждыктарына жумшашат.
21.01.2018. 23:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Иши кылып ар баля кылып жешет окшойт элдин акчасын.
21.01.2018. 23:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мындай учур коп болот. Корсо, алар бизден акчаны алып квитанция жазып берип бирок нары жагына толоду деп жазбай коюшат экен.
Менде дагы ушундай окуя болгон справка алганы барсам карызынызды толонуз дешти мен тологом десем тологон болсонуз бул жака тушот элениз дегенинен уйго барып толонгон квитанцияларды алып корсоттум анан толонду деп жазып справка беришти. Элдин, бироонун акчасын жебегилечи!
21.01.2018. 23:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
сосфонд к.....м
22.01.2018. 00:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Бироонуку бироого жукбайт тигр кекиртегинерден тешиб чыгат унутбагыла ушуну.
22.01.2018. 00:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Супер ушул кварталныйыбызды текшерип коргулочу анткени озу мусорго 1 адам жашайт деп толойт экен а башка адамдардыкын конок келседа ошого жаздырып коет.экен кызы жанагы бурул арунова ошонун апасын текшерсенер озу кварталный озуно бутук жагы 1 киши деп оформленый экен справка алайын деп барсан 200сом дейт а негизи бекер берилиши керекта кыскасы ошол кварталдагы элдин канын тчип буту бул эжекебиз ишенгени сдпканын мучосу азыркы жылдыз деген Ж.Кенештин депутаты менен жакшы мамиледе билишибизче
24.01.2018. 03:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менде да ушундай көйгөй бар,соцфондко акчасын Апам барып төлөгөн болчу кийинки жылы бизге карызыңырды төлө деген кат келди.Бирок квитанцияны таппай калдык,төлөгөнбүз деп барсам квитанция жок эч кандай ишенбейбиз деп чыгарып салышты.Эмне кылсам болот ушул суроого жооп алып бериңиздерчи Супер инфо.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: